Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. 2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга жалпы 224,2 млн доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, негизги агым 208,2 млн доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 16 млн доллар болгон.
Ал эми 2026-жылдын февраль айынын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 18,9 млн доллар которулган. Анын 17,2 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө, 1,7 млн алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.