Филиппинде 6,1 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 17 Октябрь 2025 15:10
WhatsApp Image 2025-10-17 at 10.53.46.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.10.25 /Кабар/. Филиппиндин жээгинде күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Коммерсантъ” басылмасы АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Юнион конушунун аймагында, 69 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Учурда кырсыктан улам каза болгондор же кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Белгилей кетсек, Филиппин Тынч океандын "от шакеги" деп аталган сейсмикалык активдүүлүк жогору аймагында жайгашып, бул жерде жер титирөөлөр дээрлик күн сайын катталып турат