Филиппинде курулуп жаткан 9 кабаттуу имарат кулап, адамдар уранды алдында калды

Дүйнө Загрузка... 25 Май 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-05-25 at 08.55.25.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Филиппиндин түндүгүндөгү Анхелес шаарында курулуп жаткан 9 кабаттуу имарат кулап, болжол менен 30дан 40ка чейин жумушчу уранды алдында калды. Бул тууралуу Известия маалымдайт.

Учурда кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Имараттын эмне себептен кулаганы азырынча тактала элек.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, кеминде 24 адам куткарылды.

Кырсыктын алдында аймакта катуу жаан жаап, шамал болгон. Адистер мындай аба ырайы имараттын кулашына таасир этиши мүмкүн экенин айтууда. Ошондой эле жабыркаган электр линиялары жана урандыларга жетүүнүн кыйынчылыгы куткаруу иштерин оорлотуп жатканы белгиленди.