Францияда ысыктан улам тез жүрүүчү поезддердин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды

Дүйнө Загрузка... 26 Май 2026 11:40
4F274830-6D33-4A17-88B1-32AADFBBC009.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Франциянын түштүк-чыгыш аймагында аптаптуу ысык жана электр камсыздоо системасындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам эки тез жүрүүчү поезди жолдо токтоп калып, жүздөгөн жүргүнчү шашылыш эвакуацияланды. Бул тууралуу BFMTV телеканалына таянып, Казинформ кабарлады.

Окуя Лион шаарынын түндүгүндөгү жогорку ылдамдыктагы темир жол тилкесинде, узак эс алуу күндөрүнөн кийин эл массалык түрдө кайтып жаткан маалда болгон.

Маалыматка ылайык, байланыш электр зымы үзүлүп, поезддерге электр энергиясы берилбей калган. Натыйжада эки поезд жолдо аргасыз токтогон.

Электр энергиясы өчкөндөн кийин вагондордогу кондиционер системалары иштебей калган. Сырттагы абанын температурасы +37 градуска чейин жетип, жүргүнчүлөр эки сааттан ашык убакыт вагондордо отуруп калышкан. Буга байланыштуу темир жол кызматкерлери жана куткаруучулар жүргүнчүлөрдү түз эле темир жолдон эвакуациялоо чечимин кабыл алышкан.

Франциянын метеорологиялык кызматтары өлкөгө жай мезгилине мүнөздүү аптап ысык эрте келгенин эскертип, айрым аймактарда температуралык рекорддор катталганын билдиришти. Адистердин баамында, Европадагы ысык толкун жуманын аягына чейин сакталат.