Фредерик Старр: Садыр Жапаров ири жана системалуу көйгөйлөрдү чече алды

Пикир Загрузка... 27 Январь 2026 19:16
SBsvhGic6ULIYyhAk24NDXKUYS5jrU9Q.jpeg

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. АКШнын үч президентинин мурдагы кеңешчиси, белгилүү окумуштуу, Борбор Азия боюнча эксперт Фредерик Старр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тууралуу пикирин билдирди.

Анда ал Садыр Жапаров натыйжалуу башкаруу жүргүзүп жатканын белгиледи.

“Президент Жапаров бир катар ири жана системалуу көйгөйлөрдү чече алды. Ал элге Кумтөр алтын кенин кайтарууну убадалап, бул сөзүн ишке ашырды. Ошондой эле Жапаров суу ресурстарына байланыштуу долбоорлорду баштап, ГЭСтер курулуп жатканын баса белгилейт элем. Бирок, анын эң негизги артыкчылыгы адам ресурстарына болгон көңүл буруусу. Президент мырза өзүн бир катар тармакка, анын ичинде билим берүүгө да көңүл бурган натыйжалуу лидер катары көрсөттү. Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курула башташы бул бир гана Кыргызстанга эмес, бүтүндөй регионго өзгөрүү алып келет. Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймагына бирдей көңүл буруп жатканын да баса белгилеп айткым келет. Аэропорттордун ачылышы, жол байланыштарын өнүктүрүү бардык жерде болуп жатат. Бул өлкө ичиндеги байланыштарды бекемдейт. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөр, долбоорлор Кыргызстан жана Фергана өрөөнүнүн өнүгүшүнө жол ачат. Биз Борбор Азия жана Кавказ институтунда Фергананы Борбор Азиянын жүрөгү деп атайбыз. Бүгүнкү күндө президент Жапаровдун иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын бул региондогу ролу кыйла күчтөндү”, - деп айтты ал.