Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Коом Загрузка... 01 Апрель 2026 18:10
1774536510_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде унаа кыймылы үчүн Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мында жолдун негизи шагыл аралашмасы менен катмарлап тыгыздалып, асфальт төшөлөт.

Эске салсак, 27-январда Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө авария катталып, анын кесепетинен канализациялык коллектордун траншеясына суу кирген. Натыйжада жол чөгүп кеткен.

“Бишкексууканал” ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жолго чыгууда багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.