Дүйнө чемпионаты: Англия Францияны жеңип, коло медаль алды

Спорт Загрузка... 19 Июль 2026 16:08
IMG_9720.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында үчүнчү орун үчүн беттеште Англия Францияны 6:4 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Англия биринчи таймда төрт гол киргизип, алдыга чыккан. Ал эми Франция экинчи таймда эсепти кыскартканы менен, Букайо Саканын хет-триги жана Жуд Беллингемдин голу англиялыктарга жеңиш алып келди. Франция курамасы турнирди төртүнчү орун менен аяктады.

Белгилей кетсек, бүгүн Дүйнө чемпионатынын финалында Испания менен Аргентина беттешет. Командалар АКШнын Нью-Джерси штатындагы Ист-Ратерфорд шаарында жайгашкан "Метлайф" стадионунда ойнойт.