Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын тургундары жана коноктору футбол боюнча дүйнө чемпионатынын эң кызыктуу жарым финалдык беттештерин борбордук аянттан түз эфирде көрө алышат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-июлга караган түнү саат 01:00дө Испания жана Франция курама командаларынын ортосундагы беттеш Ош шаарынын Борбордук аянтындагы чоң LED-экран аркылуу түз эфирде тартууланат.
"Ошондой эле эртең ушул эле убакта өтө турган Англия менен Аргентина курама командаларынын ортосундагы экинчи жарым финалдык оюн дагы түз эфирде күйөрмандарга сунушталат", - деп айтылат маалыматта.