Албан-Али Алим уулу жети жашында Россиядагы “Лучше всех” телешоусунда жаныбарлар туурасындагы билими менен көрүүчүлөрдү таң калтырган. Арадан сегиз жыл өткөн соң ал теле жылдыз болгон вундеркинд эмес, спортто медалдарга ээ, илимде ийгиликтерди жараткан жана биоинженерия тармагында алдына чоң максаттарды койгон өспүрүмгө айланды. Ал “Кабар” агенттигине берген маегинде популярдуулуктан кийин жашоосу кандай өзгөргөнүн, эмне үчүн Кембриджге экзамен тапшырып жатканын жана эмне себептен “башкалардан өзгөчөлөнүүнү” кыялданарын айтып берди.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Азыр канча жаштасыз, кайсы мектепте окуйсуз?
— Быйыл мен 16 жашка толом. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында чоңойгом. Кичинекей кезимде №6 Чехов атындагы мектепте (азыркы Жолболду уулу Садыр аке атындагы мектеп) окугам. Бала кезден бери жаныбарларды абдан жакшы көрчүмүн. Алардан өзгөчө кызыктуу, таң калыштуу нерселерди байкачумун. Кайсы бир жаныбар тууралуу маалыматтарды билүү мен үчүн абдан кызык болчу.
— Сиз бир кезде “Лучше всех” шоусуна катышкансыз, андан бери эмнелер өзгөрдү?
— 7 жашымда “Лучше всех” телешоусуна барып, жаныбарлар дүйнөсү тууралуу билгендерим менен бөлүшкөм. Ал кезде мага абдан кызыктуу көрүнгөн фактыларды башкалар да сөзсүз угушу керек деп ойлочумун. Андан бери 8 жыл өттү, бул убакыт аралыгында көп нерселер өзгөрдү. Ар кандай телеберүүлөргө катыштым, бир нече жолу ЖМКларга чыктым, “жылдын мыкты окуучусу” болдум. Ак илбирсти сактоо боюнча кайрымдуулук уюмунда иштеп, өзүмдүн YouTube каналымды ачтым.
Азыр болсо грант утуп алып, IQanat High School of Burabay аттуу элиталык мектепте окуп жатам жана бул мектепке Кыргызстандан барган алгачкы окуучу болдум. Жалпысынан айтканда, баары өзгөрдү десем болот. Бирок өзгөрбөгөн бир гана нерсе — ал менин жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон умтулуум жана жасап жаткан, алдыда жасай турган иштериме болгон кызыгуум.

— Жаныбарлардан тышкары дагы эмнелерге кызыгасыз? Балким, өзгөчө хоббиңиз же талантыңыз бардыр?
— Убакыт өткөн сайын жаныбарларга болгон кызыгуум бир аз басаңдап, толук ишке ашыра ала турган жаңы багыттарды издей баштадым. Андай тармактар аз эмес, бирок айрымдары менен жакшы жыйынтыкка жетиштим.
Биринчиден, бул — музыка. Мен фортепианодо ойнойм, эң жакшы көргөн жана ийгиликтүү аткарган чыгармаларымдын бири — “Experience”.
Ошондой эле химия жана биологияга кызыгып жатам. Азыр Кембридждин A-S экзамендерине даярдануудамын.
Жашоомдо спорт да маанилүү орунду ээлейт, айрыкча самбо. Азыркы учурда 15тен ашык медалым бар, алардын 13ү — биринчи орундар.
Мындан тышкары, Pulsar командасынын лидери катары долбоордук иштерге активдүү катышам. Быйыл биз грант утуп алып, анын негизинде бир жыл бою Казакстанды акысыз кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.
Ал эми абдан маанилүү иштеримдин бири — Peer to Peer билим берүү программасында ыктыярчы болуп иштейм. Бул жерде биз 8-класстын окуучуларын окутуп, өз билимибиз менен бөлүшөбүз.

— Сизди эмне шыктандырат?
— Мени шыктандырган нерселер — бул чынчылдык менен аянбастан, берилип иш кылуу. Менин эң жакшы көргөн анимем - "Наруто" болгондуктан, андагы башкы каарман дал ушул сапаттары менен мени абдан шыктандырат. Муну адамдын баарлашуу болобу, ишпи, спортпу же окуудабы ачык жана таза ниет менен иш кылып жатканын көргөндөгү сезим десем болот. Адам чын ыклас менен ачык болгондо, менде түшүндүрүп болбой турган бир күч пайда болуп, жардам бергим, өнүккүм жана алдыга жылгым келет. Бул сезимдер мени толугу менен каптайт. Бул сезимдер мени толугу менен курчап алат.
— Эгер сизге дүйнөдө бир нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилсе эмнени өзгөртмөксүз?
— Чынын айтсам, мен эч нерсени өзгөртпөйт болчумун. Балким, бул менин жеке көз карашымдыр, бирок мен баары өз жолунда, өз тартиби менен болуп жатат деп ишенем. Мындан жакшысы жок. Ар ким бул жашоодо өзүнчө жеңүүчү болуп чыгат. Коомдон обочолонгон адам да ар бир нерседен өзүнө тиешелүү сабак алып, жаңы нерсени үйрөнөт. Эң башкысы - жаман жагына көп көңүл бура бербей, ар бир нерсенин жакшы тарабын көрүүгө аракет кылуу керек.
— Абдан жакшы сөз болду. Мындан улам чоңдор балдардан эмнени үйрөнсө болот деген суроо туулат?
— Кызыктуу суроо экен. Мен өзүм дагы бала болгондуктан, буга так кесе жооп бере албайм. Балким, дал ушунун ичинде жооптун өзү катылгандыр. Балдарда энергия менен тынымсыз каалоо бар болсо, чоңдордо - тажрыйба менен билим. Алар муну бири-бири менен - чоңдор балдардан “жашоону жасоого болгон умтулууну”, ал эми балдар башкалардын каталарынан сабак алуу менен бөлүшө алышат. Мындан алар өз ара байланышкан өзгөчө бир союзду түзө алышат.
— Сиз келечекте ким болоруңузду билесизби?
— Ооба, мен муну мурун эле аныктап койгом. Бул - биоинженерлик кесиби. Азыр бул кесип абдан бааланат жана эң башкысы менин каалоолорума туура келет. Ал мен ага умтулуп келет жаткан, чындап эле кызыктуу кесип. Мисалы, керек болсо динозаврларды кайра жандандырып же бөйрөктүн көчүрмөсүн басып чыгарууга болот.

— Жакшы максат экен, ал эми азыркы кыялыңыз кандай?
— Менин кыялым — башкалардан өзгөчөлөнүп туруу. Бала кезимден бери баарын башкача жасоого аракет кылчумун. Балким, башкаларды жөн эле кайталоо мага кызыксыз болгондуктан, же жөн гана өзгөчө болууну каалаганымдандыр. Бирок, бул мен баарынан мурда инсан болууну каалайм деген маңызды өзгөртпөйт. Башкалардан айырмаланып, өз баалуулуктарым менен принциптериме ээ болгум келет. Алар бул дүйнөнү жарык жана кызыктуу кылат.
Балким, мен азыр башкаларга жиндидей көрүнүп жаткандырмын же кийин гана түшүнө турган нерсени биринчи болуп сезип, түшүнүп жаткан адамдырмын. Бирок мен мындай тобокелдиктен коркпойм. Мага дал ушундай жашоо жагат. Өмүрүмдүн аягына чейин ичимдеги учкунду өчүрбөй, жашоого болгон чексиз кызыгуусу бар бала бойдон калгым келет.