ЖРТдан 200дөн ашык балл алып, Түркияга акысыз окууга өткөн Берметтин ийгилик сыры

Маек Загрузка... 29 Май 2026 15:35
1.webp
copyright icon Бермет Аманованын өздүк архивинен

Мындан бир нече жыл мурун Бермет Аманова Түркияда окууну кол жеткис бир нерсе катары көрчү. Бүгүн ал стипендиялык программанын негизинде Акдениз университетинин экономика факультетинде билим алат, төрт тилде сүйлөйт жана бул жыйынтыктын артында жылдап жасалган даярдык, чарчап-чаалыгуу жана өз үстүндө тынымсыз иштөө турганын моюнга алат. Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде ЖРТдан кантип жогорку балл топтой алганын жана Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тутумдарынын айырмачылыктары тууралуу айтып берди.

WhatsApp_Image_2026-05-28_at_15.42.25_1.width-800

— Бермет, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Кайсы жерден болосуз, кайсы мектепти бүтүргөнсүз жана учурда Түркияда кайсы адистикте окуп жатасыз?

— Мен Нарын облусунун Кочкор айылынан болом. И.Арабаев атындагы мектеп-гимназияны аяктагам. Учурда Акдениз университетинин экономика факультетинде окуйм. 11-класста окуп жүргөндө Türkiye Bursları стипендиялык программасы тууралуу билип калып, 2024-жылдын январь айында тапшыруу үчүн керектүү документтерди чогулта баштадым. Тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өттүм: алгач документтерди чогултуу жана мотивациялык кат жазуу болду, андан кийин математикадан тест жана маектешүү өттү.

— Түркиядагы окуунун алгачкы күндөрүндө кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

— Биринчи жылы мен түрк тили боюнча даярдоо курсунан өттүм. Чет өлкөлүктөр менен чогуу окудум, башында ортобузда жалпы тил жок болчу. Мугалимдер абдан сылык эле, сабакты болушунча түшүнүктүү өтүүгө аракет кылышты. Алардын жардамы менен түрк тилин үйрөнүүдө чоң кыйынчылыктарды сезген жокмун. Бирок, биринчи курстун алдында материалды түшүнбөй каламбы деп абдан тынчсыздангам. Анткени тилди бир жыл окуганыма карабастан, университеттин түрк тили кыйла академиялык жана татаал. Бактыга жараша, андай кыйынчылыктар болгон жок. Биринчи жумада окутуучулар предметтер, сынак тутуму жана баалоо ыкмалары тууралуу айтып беришти. Сабактарда мугалимдин түшүндүргөндөрүн конспект кылып жетишип жаттым. Кыйынчылыктар мурда кезиктирбеген сөздөр менен гана болду.

w0s04p_GozEq3m.width-800

— Түркияга көчүп баргандан кийин биринчи кезекте эмнеге көңүл бурдуңуз: окуугабы, адамдаргабы, мугалимдердин мамилесинеби же жашоо деңгээлинеби?

— Эң биринчи байкаганым билим берүү тутуму болду. Түркияда бир аз жеңилирек, мугалимдер студенттерге көп тапшырма жана маалымат жүктөп, ашыкча убара кылбоого аракет кылышат. Убакытты текке кетирген милдеттүү конспекттер же рефераттар жок. Мага Түркиянын билим берүү тутуму ушунусу менен жакты. Бул эң натыйжалуу же идеалдуу тутум деп айтпайм. Бирок менин оюмча, анын кээ бир өзгөчөлүктөрүн биздин билим берүү системабызда да колдонсо болмок.

— Сиз ЖРТдан 200дөн ашык балл алыптырсыз. Мындай жыйынтыкка кантип жетишкениңизге токтоло кетсеңиз?

— ЖРТга даярдыкты 9-класста баштап, математика курстарына баргам. Төлөнүүчү деңгээлде даярданууну 10-классты аяктагандан кийин жайында баштадым. Жалпы 11-класс бою ЖРТга даярдоо курстарына барып, ар бир мүмкүнчүлүктө сыноо тесттерин тапшырып жаттым. Мага математика баарынан кыйын болгондуктан, убактымдын көбүн дал ушул предметке жумшадым. Экинчи чейрек аяктаганда кайрадан сыноо тестин тапшырып, математикадан жылыш бар экенин байкадым. Бирок орус тилин такыр таштап койгонумду түшүндүм. Окуу жана текстти түшүнүү боюнча менде кыйынчылык жок болчу, анткени китеп окуганды жакшы көрөм. Ошондуктан негизги басымды орус тилинин грамматикасына жасадым.

WhatsApp_Image_2026-05-28_at_15.42.26_2.width-800

— Окууга тапшырууга даярданууда моралдык жактан чарчаган учурлар болдубу? Аны менен кантип күрөштүңүз?

— Ачык эле айта алам, мындай учур ар бир окуучуда болот, менде да болду. Бардык күчүңдү жумшап даярданасың, бирок жыйынтык болбой жаткан учурлар болгон. Бул мотивацияны жана алдыга жылуу каалоосун жоготчу. Андай кездерде мээмди сергитип, кайрадан баштоо үчүн өзүмө тыныгуу берчүмүн. Кээде келечекти ойлоп тынчсыздануудан улам, жөн эле окууну уланткым келбей, моралдык жактан чарчап калчумун. Физикалык жактан окууга күчүм жетерин билчүмүн, бирок каалоо жок эле. Мындай учурларда мен өзүмдү жөн гана баштоого көндүрчүмүн: колума калем алып, китепти ачып, тапшырманы карап отурчумун. Бир аздан кийин кызыгуум ойгончу. Курста окуп жүргөндө жаңы адамдар менен тааныштым. Алар менен убакыт өткөргөндө эс алып, алаксып калчумун.

— Бүгүнкү күндө канча тил билесиз? Аларды кантип үйрөндүңүз?

— Азыр мен 4 тил билем: кыргыз, орус, англис жана түрк тилдери. Кыргыз тили — менин эне тилим, орус тилин мектепте үйрөндүм, анткени сабактар орус тилинде жүргүзүлчү. Мектепте англис тили сабагы да бар болчу, бирок мектеп программасы менен гана чектелип, алдыга жылуу мүмкүн эмес эле. Бул тилди өз алдынча үйрөнүп, курстарга бардым. Түрк тилин болсо Түркиядан үйрөндүм. Мага баарынан англис тилин үйрөнүү кыйын болду. Бала кезимден бери баары: "Англис тилин үйрөн, англисче оку", – деп кайталай беришчү. Бул нерсе менде тилдин өзүнө каршы эч нерсе жок болсо да, аны үйрөнүүгө болгон кандайдыр бир жек көрүүнү пайда кылып койгон экен. Түрк тилин үйрөнүп жатканда жогоруда айткандай, группалаштарымдын баары чет өлкөлүктөр болуп, англис, француз, араб жана башка тилдерде сүйлөшчү. Дээрлик бардыгы англис тили менен сүйлөшө билгендиктен, башында англисче сүйлөшүп жаттык. Бул мени абдан кызыктырды, тилди мажбурлоосуз сүйлөп, үйрөнө турган чөйрө болгону абдан сонун экен.

WhatsApp_Image_2026-05-28_at_15.42.26.width-800

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай көрөсүз?

— Азыр мен убакыттын чынында канчалык тез өтөрүн түшүнүп жатам. Беш жыл анчалык деле көп эмес экен. Университетти аяктаганга чейин дагы 4 жылым бар. Андан кийин дароо магистратурага тапшырууну ойлонуп жатам. Кайрадан чет өлкөдө окугум келет. Беш жылдан кийин өзүмдү академиялык максаттарын ишке ашырган инсан катары көрөм. Жөн гана диплом алуу эмес, бул билимди практикада колдонууну, өзүмдүн бир нерсемди ачууну жана каржылык жактан көз карандысыз болууну каалайм.

— Кыргызстандагы мыкты окууну жана чет өлкөгө тапшырууну кол жеткис кыял деп ойлогон мектеп окуучуларына кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эгерде бир аз мурунурак мага кимдир бирөө чет өлкөдө окуйсуң десе, ишенмек эмесмин. Анткени ал учурда мен өзүм да муну мүмкүн эмес деп эсептечүмүн. Ал эми азыр жашоодо бардыгы мүмкүн деп айтам. Жашоо ушунчалык күтүүсүз, сиз дагы башыңыздан өтө турган окуяларга таң каласыз. Өзүңүзгө жаккан нерсени кылыңыз. Аракет кылыңыз. Жөн гана баштаңыз. Колуңуздан келерине өзүңүздү ишендириңиз. Сөзүмдүн аягында, жакында эле көзүмө урунуп, мени ойлонткон бир сөз айкашын цитата келтиргим келет: "Ишенимдер ошол ишенимдерди тастыктай турган кырдаалдарды жаратат".