Кадамжай районунда дан эгиндерин жыйноо иштери башталды

Аймак Загрузка... 01 Июнь 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда арпа эгинин жыйноо иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алгачкы жыйынтыктарга ылайык 1 гектар аянттан 42 центнер түшүм алынууда.

"Бул көрсөткүч дыйкандардын эмгегинин, агротехникалык талаптардын өз убагында аткарылышынын жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган иштердин натыйжасы. Учурда район аймагында түшүм жыйноо иштери улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кадамжай району боюнча 4395 гектар жерге кылкандуу дан эгини эгилген. Анын ичинен 450 гектары арпа, калганын буудай түзөт. 14 комбайн түшүм жыйноо иштерине даяр.