Гемофилиянын белгилери, коркунучтары жана андан сактануу жолдору тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Жаңыл Мустапаева "Биринчи радионун" эфиринде кенен маалымат берди.
Адистин айтымында, гемофилия — бул кандын уюу процесси бузулган тукум куучулук оору болуп эсептелет жана ал көбүнчө эркек балдарда кездешет. Оору кандын уюшуна жооп берген факторлордун жетишсиздигинен улам келип чыгат: маселен, гемофилия А — сегизинчи фактордун, ал эми гемофилия Б — тогузунчу фактордун жетишсиздиги менен байланыштуу.
Оорунун белгилери анын оордугуна жараша ар кандай куракта байкала баштайт. Оор формасында бала төрөлгөндөн тарта эле кан токтобой агып, киндиги кесилгенде же ийне сайылган жерлерде чоң гематомалар пайда болот. Эгерде факторлордун деңгээли 50%дан төмөн болсо, бул оорунун оор формасы катары бааланат. Ал эми орточо оор формасы бала жөрмөлөп, баса баштаган учурда билинет. Мындай учурда муундардын ичине кан куюлуп (гемартроз), шишик, катуу оорутуу пайда болуп, дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Убакыт өткөн сайын муундар жабыркап, кыймыл чектелип, атүгүл майыптыкка алып келиши ыктымал.
Ошондой эле бала чоңойгон сайын сүт тиштери чыкканда каноо, жаракат алганда ички органдарга кан куюлуу, ашказан-ичегиден кан кетүү сыяктуу кооптуу белгилер байкалат. Эң коркунучтуусу — мээге кан куюлуу болуп саналат. Гемофилияда кан 12 сааттан 24 саатка чейин токтобой агышы мүмкүн, ошондуктан ар кандай жаракаттан кийин бала сөзсүз медициналык көзөмөлдө болушу шарт.
"Канды суюлтуучу дары-дармектерди, айрыкча аспиринди колдонбоо, булчуңга ийне сайдырбоо жана жаракат алып калбоо үчүн үйдө коопсуз шарт түзүү зарыл. Ошондой эле курч, кесүүчү буюмдардан дайыма сак болуу керек", - деп эскертти Жаңыл Мустапаева.
Бермет Жумабекова