Германия чет өлкөлүк университет менен академиялык программаларды кыскартат

Дүйнө Загрузка... 21 Май 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-05-21 at 08.54.29.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Германиянын Академиялык алмашуу кызматы — German Academic Exchange Service (DAAD) чет өлкөлүк университеттер менен болгон бир катар өнөктөштүк программалар токтотулушу мүмкүн экенин билдирди. Буга Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги тарабынан каржылоонун кыскарышы себеп болууда. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасына шилтеме берип, Казинформ маалымдады.

Маалыматка ылайык, бюджеттин жетишсиздигинен улам Глобалдык Түштүк өлкөлөрү — Африка, Азия, Латын Америкасы жана Жакынкы Чыгыштагы университеттер менен илимий кызматташтык толугу менен токтотулушу мүмкүн. Уюм бул чечимдер эл аралык университеттик байланыштарга олуттуу таасир тийгизерин белгиледи.

Белгиленгендей, 2031-жылга чейин бүтүрүүчүлөр үчүн каралган бир гана программа сакталып, калган бардык кызматташтык долбоорлору жабылышы мүмкүн. Учурда жабылуу коркунучунда турган программаларга Германиядагы 60ка жакын жогорку окуу жайы катышууда.

Акыркы беш жыл ичинде бул демилгелерге дүйнөнүн дээрлик 60 өлкөсүнөн 450 университет жана башка мекемелер тартылып, 120 миңге жакын адам катышкан. Программалар энергетика, суу ресурстарын башкаруу, саламаттык сактоо, санариптештирүү жана ишкердик багыттарын камтып келген.

2025-жылы DAAD бул программаларга болжол менен 25 миллион евро бөлгөн. Бирок быйыл эле БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын колдогон “Туруктуу өнүгүү боюнча өнөктөштүк” программасына жаңы кабыл алуу жүргүзүлбөй турганы айтылды.

Мындай кыскартуулар Германиянын илим, бизнес жана квалификациялуу кадрларды тартуудагы эл аралык мүмкүнчүлүктөрүн алсыратышы ыктымал. Ал эми пайда болгон бул боштукту Кытай жана Россия сыяктуу өлкөлөр ээлеп калышы мүмкүн.