Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам күйүүчү майдын керектелишин азайтуу үчүн болжол менен 20 миң каттамды токтотууну пландап жатат. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, каттамдар июнь айынан октябрь айына чейин учпайт.
Германиянын авиакомпаниясы каттамдардын жокко чыгарылышы жүргүнчүлөрдүн агымын 1%га кыскартат деп болжолдойт.
Графиктердин кыскарышы болжол менен 40 тонна күйүүчү майды үнөмдөйт деп күтүлүүдө.