Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Греция 2027-жылдын 1-январдан тартып 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакис бул чечимди балдардын тынчсыздануусу, уйкусунун бузулушу жана гаджеттерге көз карандылык жаралалуусу менен түшүндүрдү. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала сааттар бою экран алдында отурганда мээси эс албай калат.
Алдыда өлкөнүн 300 орундуу парламенти бул чечимди колдоп бериши керек. Греция Европада мындай мыйзамды киргизген биринчи өлкө болот. Былтыр өкмөт мектептерде мобилдик телефонду колдонууга тыюу салып, ата-энелер үчүн балдардын экран алдындагы убактысын көзөмөлдөй турган платформаны сунуштаган.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул чара 2012-жылдан кийин төрөлгөн балдардын Facebook, Instagram, TikTok жана Snapchat платформаларына кирүүсүнө тиешелүү.
Буга чейин мындай мыйзамды Австралия менен Франция жарым жартылай кабыл алышкан. Ошондой эле Испания, Малайзия, Дания жана Польша өлкөлөрү да тыюу салууну караштырып жатышат.