Бишкек, 01.04.26 /Кабар/. Грецияда быйыл белгилүү фета сыры тартыш болушу мүмкүн. Адистердин айтымында, өндүрүш болжол менен 20 миң тоннага азаят. Ал эми буга кой жана эчкилер арасында тараган оспа ылаңы себеп болуп жатканын Euronews кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, өткөн жылы башталган эпидемия айыл чарба тармагына олуттуу сокку урган. Айрыкча өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында миңдеген кой-эчки кырылган. Андан сырткары, бийлик ылаңды токтотуу үчүн малды массалык түрдө жок кылууга аргасыз болуп, март айынын башына карата 480 миңден ашык мал жок кылынды.
Фермерлер абал оор экенин айтышууда. Алар бир нече айларга созулган карантинден улам малды жайытка чыгара албай, чыгым көбөйүп жатканын белгилешет. Эгер ылаң дагы да күчөсө, абал мындан да татаалдашат деген кооптонуу бар.
Малдын саны кескин азайганы сүт өндүрүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Натыйжада фета сыры да аз чыгарылууда. Ал эми фета сыры — Грециянын эң маанилүү экспорттук азыктарынын бири болуп эсептелет.
Айрыкча негизги өндүрүш аймагы болгон Фессалияда сүт өндүрүү дээрлик 40%га төмөндөгөн. Бул аймак өлкөдөгү фетанын жарымынан көбүн камсыздайт. Ошондуктан бул жактагы көйгөйлөр жалпы экономикага да таасир этүүдө.
Адистердин айтымында, сүт азайган сайын сыр да аз өндүрүлөт. Эгер кырдаал өзгөрбөсө, 2026-жылы фета сырынын тартыштыгы олуттуу деңгээлге жетиши мүмкүн.