Хантавирус чыккан круиздик лайнер Роттердамга келди

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.47.29.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Нидерланддын Роттердам портуна хантавирус катталган MV Hondius круиздик лайнери келди. Бул тууралуу Kaзинформ кабарлайт.

Анда белгиленгендей, кеме дезинфекциядан өткөрүлүп, андагы экипаж мүчөлөрү дароо карантинге алынды.

Нидерланддын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, мекенине кайта албаган кызматкерлер өлкө аймагында карантинде болушат. Учурда кемеде жалпы 27 адам бар. Алардын 25и экипаж мүчөлөрү, ал эми экөө медицина кызматкерлери. Арасында 17 филиппиндик, төрт нидерланддык, төрт украиналык, бир россиялык жана бир польшалык жаран бар. Көпчүлүгү Роттердам шаарында алты жумалык карантинден өтүшөт.

MV Hondius кемесинин оператору болгон Oceanwide Expeditions компаниясы абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Буга чейин Франциянын Бордо портунда 1,7 миң жүргүнчүсү бар “Ambition” аттуу туристтик кеме дагы изоляцияга алынган. Андагы жүргүнчүлөрдүн бири норовируска шектелип каза болгону кабарланган.