ИИМ жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат

Коом Загрузка... 20 Июль 2026 16:20
469095096_1071067861366842_1563537574499174832_n.jpg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактардагы текшерилбеген маалыматтарга алдырбоого жана медиа мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, социалдык тармактар аркылуу маалыматтын өтө тездик менен жайылып жаткан шартында ар бир жарыяланган билдирүүгө сын көз караш менен мамиле жасап, аларды расмий булактар аркылуу текшерүү өзгөчө мааниге ээ.

ИИМден белгилешкендей, текшерилбеген маалыматтар, чагымчыл чакырыктар жана жалган билдирүүлөр коомчулукту адаштырып, чыңалууну жаратышы мүмкүн. Таратылган фейктер улуттар аралык ынтымакка да терс таасирин тийгизүү коркунучун алып келет.

"Жарандыгына, улутуна жана социалдык абалына карабастан мыйзам баарына бирдей. Жалган же чагымчыл маалыматтарды таратып, мыйзам талаптарын бузган ар бир учурга укуктук баа берилет", - деп эскертишет ички иштер органдарынан.

Министрлик жарандарды маалыматты ишенимдүү булактардан гана алууга, бири-берин урматтоого жана өлкөдөгү коомдук туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого биргелешип салым кошууга чакырат.