Түнкү коопсуздук: Жалда 152 заманбап LED чырагы орнотулду

Коом Загрузка... 20 Июль 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Жал айылында тышкы жарыктандырууну орнотуу иштерин ийгиликтүү аяктады.

Мэриядан билдиришкендей, натыйжада айланма жолдон айылга чейинки 4 чакырымдан ашык тилкеде алгачкы жолу көчө чырактары жанды.

"Долбоордун алкагында 96 мамы орнотулуп, 152 заманбап LED чырагы коюлуп, 6 миң метрден ашык кабель тартылды. Негизги жолдон сырткары Орок, Бакен-Ата, Нияз-Ата, Аланов Сатке жана Гагарин сыяктуу ички көчөлөр да жарыктандырылды", - деп айтылат маалыматта.