Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга ИИМдин башкы башкармалыктарынын жетекчилери да катышты.
Тараптар өлкө аймагындагы кытай жарандарынын арасында укук бузуулардын алдын алуу жана алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
"Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо, өлкөнүн салт-санаасына жана маданиятына урмат-сый менен мамиле кылуу боюнча чараларды көрүү, Кытай жарандарынын арасында мыйзам талаптарын түшүндүрүү боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын өткөрүү, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө басым жасалды", - деп айтылат маалыматта.
Октябрь Урмамбетов кыргыз тарап Кытай менен конструктивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирип, Кыргызстандагы Кытай жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.