Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. NABU Кыргызстан уюмунун Мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын ноябрь айында парктын аймагына орнотулган фотокапкандарды алышты.
Аталган уюмдан билдиришкендей, анда илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, эчки-теке, марал, элик, каман, улар жана башка ондон ашуун жаныбарлардын түрлөрү кадрга түшүп калган.
"Учурда фотокапкандар аркылуу алынган фотомаалыматтар талданып, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны боюнча маалыматтар такталууда. Ал эми фотокапкандар кайрадан байкоо жүргүзүүнү андан ары улантуу үчүн парктын аймагына коюлду",-деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн тоолуу аймактарына фотокапкандарды орнотуп, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүп келет. Анын алкагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин дагы сүрөттөрү тартылган. Ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылып келет.