Индонезияда 7,4 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 02 Апрель 2026 09:15
0f456df0-14a7-4ead-98a5-f3565f8b0cf7.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Индонезиянын жээгинде күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Түндүк Сулавеси провинциясында жайгашкан Манадо шаарынан 163 чакырым чыгыш тарапта катталган. Бул шаарда болжол менен 451 миң адам жашайт. Ал эми силкинүүнүн очогу 35 чакырым тереңдикте болгон.

АКШнын Улуттук океан жана атмосфералык башкармалыгы менен Индонезиянын сейсмологдору цунами коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Азырынча жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалыматтар түшө элек.