Инвестиция ишенимден башталат: Кыргызстан инвестициялык чөйрөнү кантип өзгөртүүдө?

Экономика Загрузка... 13 Июль 2026 17:30
1 (1).png
copyright icon WWW

Акча, өзгөчө чоң суммадагы акча жакшы таризделген презентациялар же салык жеңилдиктери үчүн эле келе бербейт, келсе да сейрек келет. Инвестор рынокту жана түшө турган кирешени гана баалабайт. Ал башка нерсени түшүнүүгө аракет кылат: мамлекет канчалык деңгээлде алдын ала божомолдоого боло тургандай туруктуу, институттар кандай иштейт, талаш-тартыш жаралса эмне болот жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн чексиз макулдашуулар жана жеке байланыштар аркылуу кайрылууга туура келеби же андай эмеспи...

Дал ушундан улам Кыргызстандагы реформалардын учурдагы күн тартиби бир караганда көңүл бурууга арзый тургандан да кызыктуу болуп жатат. Акырындык менен негизги көңүл жөн гана инвестиция тартууга эмес, инвестор өзүн корголгон жана ишенимдүү сезе турган чөйрөнү түзүүгө бурулууда.

Акыркы жылдары Кыргызстан аймактагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан экономикалардын бири катары экономикалык серептерде барган сайын көп аталууда. Бирок инвестициялардын өсүшү, ири инфратүзүмдүк долбоорлордун башталышы жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышынын артында анча байкалбаган, бирок маанилүүлүгү жагынан алардан эч кем калбаган процесс — инвестициялык чөйрөнүн өзгөрүүсү турат.

Кеп жаңы мыйзамдар же санариптик кызматтар жөнүндө гана болуп жаткан жок. Иш жүзүндө мамлекет инвестор менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер тутумун кайрадан куруп, аны түшүнүктүүрөк, алдын ала болжолдуу жана корголгондой жасоого аракет кылууда.

Юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова белгилегендей, экономикалык туруктуу өсүштү өзүнө милдет кылып койгон өлкө үчүн инвестиция маселеси омоктуу мааниге ээ бойдон калууда.

IMG_8280.JPG.width-800
"Эгерде биз өлкөбүзгө инвесторлорду тарткыбыз келсе, өлкөбүздүн экономикалык жактан өнүгүшүн кааласак, анда буга карата жагымдуу шарттарды түзүшүбүз абзел. Бул үчүн инвесторлор өз каражаттарын салуудан коркпошунун жана өз укуктарынын корголушуна ишенишинин кепилдиги катары сапаттуу мыйзамдык база болушу шарт",-дейт ал.

Бүгүн бул иш бир эле учурда бир нече багытта жүрүп жатат.

Бюрократияны кыскартуудан – жаңы оюн эрежелерине

Бир нече жыл мурун ишкер чөйрө бир топ көнүмүш көйгөйлөргө туш болгон.

Алар:

  • ашыкча отчеттуулук,
  • көптөгөн уруксат берүү жол-жоболору,
  • узакка созулган макулдашуу мөөнөттөрү.

Азыр кырдаал акырындык менен өзгөрүүдө.

Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун экономикалык маселелер боюнча бөлүм башчысы Вячеслав Пактын айтымында, статистикалык отчеттуулуктун кыскартылышы эң көрүнүктүү натыйжалардын бири болду.

cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3_UkhW6nW.width-800
"Статистикалык формалардын саны 246дан 119га чейин азайтылды. Бизнес администрациялык иштерге азырак убакыт жана ресурс сарптайт, демек, өнүгүүгө бир беткей көңүл бура алат",-деди ал.

Ошол эле учурда, уруксат берүү тутумун масштабдуу кайра кароо жүргүзүлүүдө. "Жөнгө салуучу гильотина" деп аталган механизмдин алкагында 800гө жакын лицензия жана уруксат кагаздары талданды. Текшерүүдөн кийин алардын саны дээрлик эки эсеге кыскарды жана бул процесс дагы деле уланууда.

"Эгер лицензиянын реалдуу негиздемеси жок болсо, анда ал берилбеш керек", - деп белгилейт Вячеслав Пак.

Буга электр кубаттоочу станцияларды ачуу жол-жобосу көрсөткүчтүү мисал болду. Мурда макулдашуу алты айга чейин созулчу. Талаптар өзгөртүлгөндөн кийин, мөөнөттөр болжол менен жыйырма күнгө чейин кыскартылды. Биринчи караганда бул бир эле учур. Бирок дал ушундай майда-чүйдө нерселерден инвестициялык климатка болгон көз караш калыптанат.

Максат – жөн эле реформа жүргүзүү эмес, анын сапатын көзөмөлдөө

Ошол эле учурда эксперттер төмөнкү учурларга көңүл бурууда: чечим кабыл алуу аны турукташтыруудан алда канча жеңил.

Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңешинин катчылыгынын башчысы Улук Кадырбаев бүгүнкү күндөгү негизги чакырык бул бюрократиядан арылтуу натыйжаларын сактап калуу болуп саналат деп эсептейт.

images_mZhT43h.width-800
"Бүгүнкү күндө жөнгө салуучу таасирди талдоо институтун күчөтүү жана аны бардык жерде колдонуу өтө маанилүү. Бул бюрократиядан арылтуудагы жетишилген натыйжаларын сактап калуунун жана ал башында башталган көйгөйлөргө кайра кайтпоонун жалгыз жолу",-деди ал.

Анын айтымында, мамлекет жаңы ченемдерди кабыл алуу менен гана чектелбестен, аларды кабыл алган соң белгилүү убакыт өткөндөн кийин иштейби же иштебейби, дайыма текшерип туруусу керек.

"Бул мыйзамдардын жана инвестициялык климаттын сапатын сактоого ансыз болбой турган туруктуу иш",-дейт ал.

Чындыгында, бул жөнгө салууга жаңы ыкма жөнүндө сөз болуп жатат, мында мамлекет өз чечимдеринин натыйжаларын кагазда эмес, реалдуу экономикада баалай баштайт.

Мыйзам менен практиканын ортосунда

Өнүгүү саясаты институтунун эксперти Максим Семеняк да Улук Кадырбаевдин пикирине кошулууда.

"Бүгүнкү күндө санариптештирүү жана жөнгө салуу реформалары жаатында прогресс бар деп айтсак болот. Бирок, укук колдонуу, эрежелердин алдын ала айтууга мүмкүнчүлүгү жана бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугуна байланыштуу институциялык көйгөйлөр сакталып калууда",-деп белгилейт ал.

Анын айтымында, инвесторлор үчүн жер тилкелерин бөлүү, инфратүзүмдөргө кошуу жана жергиликтүү деңгээлдеги макулдашуулар сыяктуу маселелер эң эле сезимтал бойдон калууда. Мына ошондуктан, аймактык институттарды өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ.

Инвесторго так багыт керек

Реформалардын дагы бир багыты инвесторлорду коштоонун бирдиктүү тутумун түзүү менен байланыштуу. 2025-жылы президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин статусу кыйла жогорулатылды.

images_1_I5EgSgV.width-800

Ведомство башчысы Равшанбек Сабировдун айтымында, инвестицияларды башкаруунун жаңы үлгүсүнө өтүү жөнүндө сөз болуп жатат.

"Өлкө инвестицияларды коштоонун чачыранды башкаруусунан борборлоштурулган тутумуна — инвестордун алгачкы кайрылуусунан тартып долбоорду ишке киргизгенге чейинки тутумуна өттү",-дейт ал.

Учурда Кыргызстанда "бирдиктүү терезе" принциби калыптанууда, инвесторлорду коштоонун санариптик кызматтары түзүлүүдө, долбоорлордун бирдиктүү реестри өнүктүрүлүүдө жана "Инвестиция АМС" автоматташтырылган тутуму ишке киргизилүүдө.

Сабировдун айтымында, бул бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттешүүсүн эң жогорку деңгээлде ачык-айкын кылууда.

Улуттук инвестициялар агенттигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын агымы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34% көбөйүп, 386,7 миллион АКШ долларына жетти. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 288,2 миллион АКШ долларын түзгөн. Инвестициялардын эң чоң көлөмү каржы секторуна жана өнөр жайга туура келди.

Эл ишенгенде гана мыйзам иштей баштайт

Бирок эң заманбап санариптик тутум да инвестордун негизги суроосуна жооп бербейт: эгер чыр-чатак чыкса эмне болот? Ушул себептен улам, инвестицияларды коргоо механизмдерин өркүндөтүү реформанын негизги багыттарынын бири болуп калууда.

Апрель айында "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү тартиби эл аралык стандарттарга жакындатылды.

Юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова түшүндүргөндөй, инвесторлор талаш-тартышты чечүү механизмин өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгүн алышты.

"Эгер талаш-тартышты сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салуу мүмкүн болбосо, тараптар Кыргыз Республикасынын сотторуна же болбосо эл аралык арбитражга кайрылса болот,-деди ал".

Эл аралык бизнес үчүн мындай тандоо принциптүү мааниге ээ, анткени ал укуктук тобокелдиктерди азайтып, инвестициялык чөйрөнү алдын ала айтууга мүмкүнчүлүк берет.

Эмне үчүн дал ушул "Тамчы"

photo_5350453288953.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

"Тамчы" атайын каржылык инвестициялык аймагынын долбоору бул реформанын логикалык уландысы болуп саналат. Коомчулукта ал көбүнчө Ысык-Көлдөгү ири инвестициялык долбоор катары кабыл алынат. Бирок адистер АФИТтин негизги өзгөчөлүгү аймакта эмес, түзүлгөн укуктук институттарда деп эсептешет.

Алардын бири англис укугунун принциптерин колдонуу менен иштей турган Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борбору болот.

Сайра Ызакованын айтымында, англис укугун колдонулуучу укук катары тандоо көптөн бери эле эл аралык тажрыйбага айланган. Ошондуктан анын негизиндеги арбитраж бизнес тарабынан жогорку ишенимге ээ жана эл аралык коммерциялык мамилелерде көп колдонулат.

"Ал тараптарды коргоонун бейтараптуулугун камсыз кылат жана эл аралык деңгээлде көптөн бери эле жакшы репутацияга ээ болгон",-дейт ал.

Мындай ыкма дүйнөнүн ири эл аралык каржы борборлору, анын ичинде Дубайдагы DIFC жана Астанадагы AIFC тарабынан колдонулат.

"Эгерде биз инвесторлорду бул жакка тартууну кааласак, мамлекет тарабынан эл аралык стандарттарга ылайык иштеген арбитраждар түрүндө тиешелүү кепилдиктерди берүү маанилүү", — деп баса белгилейт Ызакова.

Албетте, бул улуттук мыйзамдарды алмаштыруу дегенди билдирбейт. Кылмыш, административдик жана башка коомдук-укуктук мамилелер мындан ары да кыргыз мыйзамдарынын чегинде калат. Бирок коммерциялык талаш-тартыштар үчүн эл аралык инвесторлорго түшүнүктүү жана алар үчүн кадимки стандарттарга жооп берген курал пайда болот.

Инвестиция ишенимден башталат

Балким, бардык эксперттердин позициясын бириктирген башкы жыйынтык – бул заманбап инвестициялык климатты бир эле мыйзам же бир эле мамлекеттик орган түзө албастыгында. Бул ар дайым факторлордун жыйындысы: түшүнүктүү эрежелер, минимум бюрократия, санариптик кызматтар, менчикти коргоо, укукту натыйжалуу колдонуу жана талаш-тартыштарды көз карандысыз чечүү. Кыргызстан учурда дал ушундай тутумду түзүүгө аракет кылууда.

Ал эми бир нече жыл мурда инвестициялар жөнүндө сөз көбүнчө тартылган капиталдын көлөмүнө байланыштуу болсо, азыр барган сайын башка ресурска — ишенимге токтолууда. Дал ушул ишеним акырында инвестордун келечегин өлкө менен алдын ала бир нече жылга байланыштырууга даяр экендигин аныктайт.