Чүйдө аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай зонасын түзүү пландалууда

Экономика Загрузка... 11 Июль 2026 09:50
57d9224142b091837d4040ebaef3.png
copyright icon WWW

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Чүй районундагы өнөр жай зонасын өнүктүрүү маселелери боюнча көчмө кеңешме өткөрдү. Иш-чаранын алкагында ал жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай зонасын түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Учурда жалпы аянты 202 гектарды түзгөн жер тилкеси белгиленген тартипте өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка атайын багыттагы жерлер категориясына өткөрүлгөн.

6a50edeb871cb

Ошондой эле фармацевтика, курулуш материалдарын өндүрүү, машина куруу, прибор куруу, тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында долбоорлорду ишке ашырууну пландаган 14 потенциалдуу резидент аныкталган. Жарыяланган инвестициялардын жалпы көлөмү 390 млн доллардан ашат. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Кеңешменин катышуучулары өнөр жай зонасынын инженердик инфраструктурасын түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, аймакты электр энергиясы менен камсыз кылуунун варианттары, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу маселелери каралды.

Бакыт Төрөбаев инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өнөр жай зонасын зарыл болгон инженердик инфраструктура менен өз убагында камсыз кылуу мамлекеттик органдардын эң башкы милдеттеринин бири экендигин белгиледи. Ал инвестициялык долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышы жана потенциалдуу инвесторлордун алдындагы милдеттенмелердин аткарылышы кабыл алынуучу чечимдерге түздөн-түз көз каранды экендигин белгилеп, бул маселелерди чечүүнү создуктурууга жол берилбестигин баса көрсөттү.

Кеңешменин жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга өнөр жай зонасын инженердик инфраструктура менен камсыздоонун оптималдуу механизмин аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жооптуу аткаруучулар жана биринчи кезектеги иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрү белгиленди.