Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн бажы тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары каралды.
Тараптар ядролук, радиоактивдүү жана башка тыюу салынган материалдарды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү программаларын кайра жандандыруу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Ошондой эле КР Мамлекеттик бажы кызматы менен АКШнын Бажы-чек ара кызматынын ортосунда түз жумушчу байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралды. Мунун алкагында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
- маалымат алмашуу механизмдерин ишке ашыруу;
- трансулуттук кылмыштуулукка жана контрабандага каршы күрөштү координациялоо;
- тобокелдиктерди башкаруу системаларын өнүктүрүү.
Мындан тышкары, АКШнын элчисине КР Бажы кызматынын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери жана бажы процесстерин онлайн көзөмөлдөгөн заманбап Кырдаалдык борбордун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.