Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Иран парламенти Ормуз кысыгына жаңы тартип киргизип, андан өткөн кемелерге төлөм алууну карап жатат. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.
Маалыматка ылайык, парламенттин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Алаоддин Боруджерди билдиргендей, жаңы режимге ылайык Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелердин коопсуздугун камсыздоону өзүнө алып, алардан атайын төлөм өндүрүүнү пландоодо.
Мындан тышкары, Ирандын уруксатысыз кемелерге Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө жол берилбейт.
Эскерте кетсек, Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай ташуунун негизги жолдорунун бири болуп саналат. Буга чейин кысык аркылуу күнүнө болжол менен 20 миллион баррель мунай, атап айтканда дүйнөлүк керектөөнүн 20 пайыз мунайы өтүп турган. Азыркы учурда андан өтүү дээрлик токтогон. Ал эми буга 28-февралдагы АКШ жана Иран жаңжалы себеп болгон.