Ирандагы кыргыздар үчүн жаңы коридор: Түркмөнстан чек арасын ачты

Коом Загрузка... 03 Март 2026 17:40
1074607591_57_0_2747_1513_1920x0_80_0_0_7e391f4aa172d3f38341575f3b202b17 (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тараптын маалыматына ылайык, Ирандан Түркмөнстандын аймагы аркылуу эвакуацияланууну каалаган жарандар үчүн 2026-жылдын 2-мартынан тарта Түркмөнстандын чек арасындагы төмөнкү өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирет:

  • “Баджгиран” - дипломатиялык паспорттун ээлери үчүн гана;
  • “Артык” жана “Сарахс” - жалпы жарандык паспорттун ээлери үчүн.

ТИМден белгилешкендей, суроолор жаралган учурда жарандар Кыргызстандын Түркмөнстандагы дипломатиялык мекемелерине жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылуусу зарыл.

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги

kgembassy.tm@mfa.gov.kg

+993-12-48-22-95 (саат 09:00дөн 18:00гө чейин)

+993-12-48-22-96 (саат 09:00дөн 18:00гө чейин)

+993-65-69-40-59 (түнү күнү иштеген ишеним телефону);

КР ТИМдин Консулдук департаменти

dks@mfa.gov.kg

+996 999 312 002.