Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бишкекте иттер тиштеген баланын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, 6 жаштагы бала 1-апрелде саат 15:40 чамасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына келип түшкөн.
“Бейтаптын баш мээси орточо деңгээлде жабыркаган, бир нече жери тиштелген. Дененин үстүңкү жана астыңкы бөлүктөрү да жаракат алган”, - дешти министрликтен.
Ошондой эле учурда балага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү, абалы туруктуу, бирок орточо оор экени айтылды.
“Бейтап бардык керектүү медициналык жардамды алып жатат. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турат”, - деп белгилешти Саламаттык сактоо министрлигинен.