Италия үчүнчү жолу дүйнө чемпионатына катыша албайт

Дүйнө Загрузка... 01 Апрель 2026 09:25
a4af0243-240f-4441-81c5-6d482fa9bc53.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Италия 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн плей-офф раундунун акыркы беттешинде Босния жана Герцеговинага пенальтилер сериясында утулуп калды. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, Зеницадагы негизги убакыт 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча убакытта эсеп өзгөрүүсүз калды. Пенальтилер сериясында Босния жеңишке жетти (1:4).

Муну менен Италия үчүнчү жолу катары менен дүйнөлүк чемпионатка катыша албай калды. Алар 2018-жылы Россияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка, андан кийин 2022-жылы Катарда өтүүчү чемпионатка жолдомо ала алышкан эмес.

2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионат 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге 48 команда катышат.