Италияда үй жаныбары ооруган учурда кызматкер акы төлөнүүчү өргүүгө чыга алат

Дүйнө Загрузка... 08 Апрель 2026 11:01
WhatsApp Image 2026-04-08 at 09.10.06.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Италия дүйнөдө биринчилерден болуп кызматкерлерге үй жаныбары ооруп калган учурда акы төлөнүүчү кыска мөөнөттүү өргүү алуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдуу түрдө бекитти. Бул тууралуу Известия кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы тартипке ылайык, кызматкерлер жылына үч күнгө чейин өргүү ала алышат. Бул үчүн ветеринардык дарыгерден үй жаныбарынын абалы оор экенин жана шашылыш кам көрүү керектигин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Мындан тышкары, жаныбар расмий каттоодо болуп, чип орнотулган болушу шарт.

Бул демилге алгач 2017-жылы көтөрүлүп, “Куччиола иши” деген ат менен белгилүү болгон сот чечиминен кийин кеңири талкууга алынган. Рим университетинин китепканачысы карыган итин багуу үчүн өргүү алып, кийин анын акысын өндүрүп алууга жетишкен. Анын юридикалык командасы үй жаныбарына кам көрүү да жоопкерчилик экенин далилдей алган.

Италиянын мыйзамдарына ылайык, оор абалда калган жаныбарды кароосуз калтыруу кылмыш болуп саналат. Ошол эле учурда Европанын башка өлкөлөрүндө да жаныбарларды коргоо чаралары күчөтүлүүдө.

Германияда айрым шаарлар түнкү убакта робот чөп чапкычтарды колдонууга чектөө киргизүүдө. Кёльн, Лейпциг жана Мюнхен шаарларында мындай техникаларды түнкүсүн иштетүүгө тыюу салынган. Себеби кирпилер коркунуч туулганда качпай, топ болуп тоголонуп калат, бул болсо техниканын сенсорлоруна байкалбай калуу коркунучун жаратат.