1-апрелде Бишкектин Калыс-Ордо-2 конушунда ойноп жүргөн 6 жаштагы наристени коңшусунун үч-төрт ити талап, башынан жана денесинен бир катар оор жаракаттарды алган. Маалым болгондой, бала көп өтпөй ооруканага жеткирилген. Керектүү жардам көрсөткөн дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалашууда. Ошондой эле тергөөнүн алкагында кылмыш иши ачылып, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, айрымдар баланы көзөмөлдөбөгөн ата-энени күнөөлөсө, башкалары иттердин ээси жоопкерчиликти алышы керек дешүүдө. Кыргыз психоаналитикалык ассоциациясынын мүчөсү, тажрыйбалуу психолог Гүлнара Малабаева “Кабар” агенттигине билдиргендей, мындай окуялар коомчулукта сөзсүз талкуу жаратат.

Анын айтымында, мындай окуянын өзү адамдарды тынчсыздандырганы үчүн алар дароо күнөөкөрдү издөөгө өтүшөт. Ал эми бул окуяга кимдир бирөөнү бир жактуу күнөөлөөнүн өзү туура эмес.
“Бул жерде коопсуздук маселеси, анын үстүнө кичинекей балага байланышкан окуя болуп жатат. Мындай учурларда анык бир күнөөкөр адам болбой турганын түшүнүү керек.
Бул окуяда маалым болгондой, баланы бир туугандары карап калышкан экен. Алардын өздөрүнүн жашы жете элек болгондуктан, балага толугу менен жоопкерчилик ала алышпайт. Жашоодогу коркунучтарды билишпейт, ар кандай күтүүсүз окуяларга даяр эмес болушат. Андыктан, негизинен, бул жерде жоопкерчилик ата-энеде болот.
Бирок аларды да бир тараптуу, кескин күнөөлөгөнгө болбойт. Себеби көпчүлүк ата-энелер жашоо-шартка байланыштуу жумушка чыгып, иштеши керек болот. Ар дайым эле баладан көзүн албай карай алышпайт. Бирок ошол эле маалда, бул жерде жагдайлар кырдаалды түшүндүрүп турганы менен, ата-эненин жоопкерчилигин жокко чыгарбайт. Ошондуктан жоопкерчилик баланы карап калган жашы жете элек балдарда эмес, ата-энеде.
Экинчиден, эгер иттер кырсык болгон короонун ээсине таандык болсо, анда дагы жоопкерчилик болот. Себеби, ал иттерди бакканга жараша байлап, карашы керек болчу. Жаныбарлар потенциалдуу коркунуч булагы болуп саналат. Алар жеке менчик короодо турса дагы байлануу болушу керек. Коопсуздук камсыздалышы зарыл”, — деди психолог.

Жалпылап алганда, бул жерде үй-бүлөнүн, айлана-чөйрөнүн, чоңдордун жоопкерчилигинин деңгээлинде баланы коргоо системасы бузулуп жатат", — деп түшүндүрдү психолог.
Ошондой эле Малабаева белгилегендей, психологиянын көз карашы боюнча мындай учурларда коомчулукта тынчсыздануу, кабатыр болуу, коркуу, коргоосуздук сезимдери ойгонот.
"Бул окуя мени менен же менин балам менен болсо кандай болот эле деген ички ой пайда болот. Бул чыңалуулар күч алганда адамдын психикасы дароо көзөмөлдөөгө өтөт. Ал эми анын эң оңой жолу — бирөөнү күнөөлөө. Андыктан бул тынчсызданууну көзөмөлдөөнүн жана коркуу сезимин азайтуунун бир жолу болуп саналат. Атап айтканда, күнөөлөө — бул коркунучту ооздуктоонун бир ыкмасы", — деди ал.
Маалым болгондой, аталган бөбөктү бир тууган эжеси ооруканага алып барган. Алар жолдо тыгындан чыга албай жатканда, ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров өзүнүн кызматтык унаасы менен жеткизген. Андан сырткары, ооруканада да баланын жакындарынын жанында болгон.

Кулназаров “Кабар” агенттигине билдиргендей, ал бул кайгылуу окуяда жабыркагандарды таштап кете алган эмес.
“2022-жылы баланын апасы каза болуп калган экен. Баланы өз колум менен көтөрүп баргангабы, алардын жанынан кете алган жокмун. Өзүмдүн дагы балдарым бар болгондуктан, ата катары алардын кайгысын жон терим менен сезип, кошо кабатырланып жаттым.
Андыктан, милиция кызматкери катары ата-энелерге айтарым: балдарын кароосуз калтырбасын! Ойнотуп жатса дагы жанында болсун. Өзгөчө жашы жете элек балдарды абдан көзөмөлдөшү керек. Жолдон өтөбү, кайда барат — ар дайым коштоп, көзөмөлдөсүн. Балдардын коопсуздугу баарынан маанилүү!” — деди ал.
Жыйынтыктап айтканда, бул окуя балдардын коопсуздугун камсыздоо, ата-эне жана жаныбар ээлеринин жоопкерчилиги канчалык маанилүү экенин ачык көрсөттү. Балдардын коопсуздугу — үй-бүлөнүн, чоңдордун жана коомдун биргелешкен аракетине түздөн-түз байланыштуу.