Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматы туристтик сезонго жана ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө карата даярдыкты күчөттү.
Ведомстводон билдиришкендей, сапарлардын көбөйүшүнө байланыштуу мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарына түшкөн жүктөм көбөйдү.
Маселен, 2026-жылдын апрель айында чек арадан 3 миллиондон ашык адам өтсө, июнда бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашты. Жүргүнчүлөрдүн агымы дээрлик 18%га өстү. Бул аралыкта чет элдик жарандардын саны 1,58 миллиондон 1,83 миллион адамга чейин көбөйгөн.
Жарандардын жана транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн Чек ара кызматы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, сезондук жүктөмдүн өсүшүн эске алуу менен кошумча чараларды көрүүдө.
Ведомстводон белгилешкендей, 17-июлга карата бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Кыргыз тарапта жүргүнчүлөрдүн тыгыны катталган жок. Айрым багыттардагы жүк ташуучу транспорттор өткөрүү пункттарынын ишине таасирин тийгизбейт.
Мындан сырткары, 15-июлдан тарта "Санариптик чек ара" мобилдик тиркемеси ишке киргизилди. Анын жардамы менен кезектерди реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, чек арадан өтүүнү алдын ала пландаштырууга болот. Ошондой эле жарандардын жана өлкө конокторунун ңгайлуулугу үчүн өткөрүү пункттарында маалыматтык стенддер орнотулду.