Караколдо агродүкөндөрдө фитосанитардык талаптар текшерилди

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында агродүкөндөрдө жана гүл саткан соода түйүндөрүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агродүкөн жана 16 гүл сатуучу жай иштейт. Мониторинг учурунда адистер өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын сатуудагы талаптардын аткарылышын, тиешелүү уруксат берүүчү документтердин жана фитосанитардык сертификаттардын бар-жогун текшеришти.

Анын жыйынтыгы менен айрым ишкердик объектилеринде талаптарга туура келбеген жагдайлар аныкталып, алардын ээлерине мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча сунуштар берилди.