Соцфондго жарым жыл ичинде 6 миң 776 кайрылуу түштү

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 12:55
orig_MEnYGG5_b5nXIO.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. 2026-жылдын январь-июнь айларында Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгына жарандардан 6 миң 776 кайрылуу келип түшкөн.

Мекеменин маалыматына ылайык, кайрылуулардын ичинен:

жазуу түрүндө — 315;

оозеки кайрылуу — 569;

жетекчилик менен жеке кабыл алууда — 33 жаран;

ишеним телефону аркылуу — 4 миң 414 кайрылуу (анын ичинен стационардык телефонго — 2 миң 954, мобилдик телефонго — 1 миң 460);

“Пикир” порталы аркылуу — 40;

“Биринчи радиодогу” “Биринчи кабылдама” программасы аркылуу — 9;

“Түндүк” системасы аркылуу маалымат алуу үчүн — 1 миң 396 кайрылуу катталган.

Жарандардын негизги кайрылуулары пенсияларды көбөйтүү, жогорулатуу жана индексациялоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери, пенсия дайындоо укугу, төлөмдөрдүн өз убагында берилиши жана пенсияларды туура эсептөө боюнча болгон.

Ошондой эле жарандар Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттарын төлөө тартиби жана Социалдык фонддун ишмердигине байланыштуу башка суроолор менен кайрылышкан.