Коомчулукту чоочуткан коңгуроо: Кыргызстан катуу жер титирөөгө даярбы?

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 12:50
724189145_3875558265920677_4751611891168115216_n (1).jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы билдирүүлөрүнөн кийин "жакында күчтүү жер титирөө болот" деген кептер коомчулукта кайрадан тынчсызданууну жаратууда. Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде мындай маалыматтар расмий түшүндүрмөлөргө караганда кыйла тез тарап, ар кандай божомолдор менен туура эмес жоромолдорго негиз болууда. Бул кооптонуулар канчалык негиздүү экенин, чындык менен жалган маалыматты айырмалоо үчүн, ошондой эле Кыргызстан мүмкүн болгон жер титирөөлөргө канчалык даяр экенин тактоо максатында "Кабар" маалымат агенттиги сейсмология, курулуш жана жарандык коргонуу тармагындагы адистерге кайрылып, алардын пикирин укту.

Сейсмологдор эмне дейт?

Кыргызстандагы сейсмикалык абал туруктуу жана өлкөдөгү сейсмикалык активдүүлүктү үзгүлтүксүз көзөмөлдөгөн жалгыз адистештирилген кызматтын туруктуу көзөмөлүндө. Байкоо станциялары республиканын бардык облустарында жайгашкан. Учурда өлкө боюнча жалпысынан 21 санариптик сейсмостанция иштеп жатат.

Ар бир станция жер кыртышындагы эң майда термелүүлөрдү да каттай алган заманбап, жогорку сезгич жабдуулар менен камсыздалган. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун илимий катчысы Жибек Калысованын "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун жер титирөө катталат. Алардын 300дөн ашыгы 3 баллдан жогору күчкө ээ болуп, калк тарабынан сезилет.

0x0_0x0_1_1.width-800

Мындай жер титирөөлөр тууралуу маалымат расмий түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жөнөтүлүп, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ыкчам таратылат. Ал эми жер титирөөнүн очогун жана күчүн аныктоого орто эсеп менен 15–30 мүнөт талап кылынат. Институтта ошондой эле интернетте маал-маалы менен тараган маалыматтарга түшүндүрмө беришти.

Адистердин айтымында, географиялык жактан алганда мындай маалыматтардын айрым бөлүгү чындыкка туура келет. Анткени Кыргызстан чындап эле сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан жана өлкө аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоолор ээлейт. Жер кыртышы тынымсыз кыймылда болгон ири литосфералык плиталардан турат. Алардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында тектоникалык энергия бөлүнүп чыгып, жер титирөөлөр пайда болот.

492029666_3380103662132809_4398774233950178928_n

Бирок бул маалыматтар аймактын жалпы сейсмикалык өзгөчөлүгүн гана түшүндүрөт жана белгилүү бир күндө же убакта жер титирөө болорун алдын ала болжолдой албайт.

"Биздин мекемеде сейсмикалык мониторинг суткасына 24 саат, жумасына 7 күн үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Ар бир жер титирөө катталып, маалыматтар иштелип чыгат. Калк сезген силкинүүлөр тууралуу маалымат ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жөнөтүлүп, тиешелүү чараларды көрүүгө негиз болот. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү сейсмикалык абал туруктуу. Отчетко ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 1-июнуна чейин Кыргызстанда 3 миң 808 жер титирөө катталган. Анын ичинен 78и калк тарабынан сезилген. Бул көрсөткүчтөр норманын чегинде болуп, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө туура келет", — деди Жибек Калысова.
WhatsApp_Image_2026-07-16_at_15.55.42.width-800

Адис афтершок деп аталган кубулуш тууралуу да эске салды. Анын айтымында, ири жер титирөөдөн кийин кайталанган силкинүүлөр бир жыл же андан да узак убакытка созулушу мүмкүн. Мисалы, 1992-жылдагы кыйраткыч Суусамыр жер титирөөсүнөн кийин афтершоктор дээрлик эки жарым жыл бою катталган. Бул табигый процесс болуп саналат жана жаңы ири кырсыктын жакындап калганын билдирбейт.

Сейсмология институту жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого жана кырсыктар тууралуу расмий маалымат тараткан мамлекеттик органдардан башка булактардагы билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Сейсмикалык абал боюнча актуалдуу маалыматтарды институттун расмий сайтынан, Facebook баракчасынан же түз байланыш телефондору аркылуу тактоого болот.

615488831_3690064661136706_9149998980681104578_n.jpg

Имараттар канчалык бекем?

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигине берген маегинде Кыргызстанда имараттардын сейсмикалык туруктуулугуна коюлган заманбап талаптар жетишерлик жогорку деңгээлде экенин билдирди.

"Өлкөдө курулуп жаткан объектилердин басымдуу бөлүгү башынан эле 8–9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере тургандай долбоорлонуп, курулат. Буга мисал катары Бишкекте салынып жаткан имараттарды айтсак болот. Алар жогоруда аталган күчтөгү жер титирөөгө эсептелген. Азыркы учурда бул тармакта тийиштүү көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан кооптонууга негиз жок. Жаңы курулуп жаткан объектилердин баары белгиленген талаптарга толук жооп берет", — деди министр.
658182345_1447394416859603_574423.2e16d0ba.fil.width-800

Анын айтымында, эски курулган имараттар боюнча абал башкача. Көпчүлүгүнүн техникалык пайдалануу мөөнөтү аяктап калгандыктан, алардын коопсуздугуна адистер кепилдик бере алышпайт.

"Өз убагында сталиндик жана хрущевдук типтеги үйлөрдүн техникалык абалына жетиштүү көңүл бурулган эмес. Ошондуктан алар азыркы курулуш нормаларына толук жооп бербеши мүмкүн. Анткени ар бир имарат өз убагында техникалык тейлөөнү жана талаптагыдай кароону талап кылат", — деди Нурдан Орунтаев.

Өзүнчө көңүл бурулган маселелердин бири — саламаттык сактоо тармагы. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башкы адиси Шер Сүйүнбековдун "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, өлкөдөгү бардык ооруканалар жана медициналык мекемелер 8 баллдык сейсмикалык жүктөмдү эске алуу менен долбоорлонуп, курулат.

6a9718b00fd240ca8fb9a4998f6534929da72c4f34a941.width-800 (1)
"Ар бир объект боюнча сөзсүз түрдө Сейсмология институтунун расмий корутундусу алынат. Эгер пайдаланылып жаткан имарат тууралуу сөз болсо, анда анын сейсмикалык туруктуулугун жана мүмкүн болуучу жер титирөөлөргө даярдык деңгээлин аныктоо үчүн инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт", — деди Шер Сүйүнбеков.

Саламаттык сактоо системасынын даярдыгы

Жер титирөөгө карата имараттар гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон ресурстар да даярдалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы бардык медициналык мекемелерде зарыл дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын үч айлык запасы түзүлүп, дайыма жаңыланып турат. Мындан тышкары, медициналык мекемелер жакынкы жеке менчик дарыкана түйүндөрү менен келишим түзгөн. Бул зарыл болгон учурда дары-дармек корун ыкчам толуктоого мүмкүнчүлүк берет.

Өзгөчө көңүл медициналык кызматкерлердин даярдыгына да бурулат. Дарыгерлер, орто жана кенже медициналык кызматкерлер үзгүлтүксүз нускама жана окуулардан өтүп турушат. Бул өзгөчө кырдаал жаралган учурда медициналык күчтөрдү ыкчам мобилизациялоого жана ар кандай кырдаалда шашылыш медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда дароо министр жетектеген өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча ведомстволук штаб ишке кирет. Ал бардык медициналык күчтөрдү жана ресурстарды башкарууну өзүнө алат.

846c4d86-02a3-411b-86e5-4512130e7927.width-800

Кырдаалдын масштабына жараша чара көрүү үч деңгээлде жүргүзүлөт: жергиликтүү, облустук жана республикалык. Мында Саламаттык сактоо министрлигинин штабы медициналык жардам көрсөтүү иштерин гана координациялайт. Ал эми бардык куткаруу жана ыкчам кызматтардын мамлекеттик деңгээлдеги жалпы ишин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт.

Жарандык коргонуу: даярдык алдын ала башталат

"Жер титирөөгө даярдык биринчи силкинүү болгондо эмес, андан алда канча мурда башталат", — деди "Кабар" агенттигине берген маегинде ӨКМдин Окуу-илимий борборунун Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо кафедрасынын башчысынын орун басары Азамат Токтокунов.

Анын айтымында, бул системада өсүп келе жаткан муунду даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринде жыл сайын Жарандык коргонуу күнү өткөрүлөт.

SB116992_resized.max-1920x1080.format-webp.width-800 (1)
"Бул күнү окуучулар жана мугалимдер белгиленген убакыттын ичинде мектептин спорт аянтчасына ыкчам эвакуациялоо боюнча машыгышат. Мындай иш-чараларда ӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу, жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү жана катуу шамал, жер титирөө сыяктуу ар кандай коркунучтар учурунда кандай аракет кылуу керектигин практикалык түрдө түшүндүрүшөт", — деди адис.

Мындан тышкары, БУУнун колдоосу менен жыл сайын 5-сентябрдан 5-октябрга чейин Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир айлык өткөрүлөт. Анын алкагында мектептерде жана жогорку окуу жайларында кеңири масштабдагы командалык-штабдык жана атайын тактикалык машыгуулар уюштурулат.

"ӨКМ ар кандай өзгөчө кырдаалдарга дайыма даяр. Куткаруу техникалары үзгүлтүксүз техникалык кароодон өткөрүлөт, ыкчам кызматтар суткасына 24 саат, жумасына 7 күн күжүрмөн нөөмөттө турушат. Зарыл учурда министрликтин жетекчилиги окуя болгон жерге өзү барып, ишти координациялайт. Албетте, дүйнөдө табигый кырсыктардан толугу менен корголгон бир дагы өлкө жок. Бирок алдын ала жүргүзүлгөн системалуу даярдык тобокелдиктерди азайтып, адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет", — деди Азамат Токтокунов.

Тармактык адистердин баамында, учурда дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Кыргызстанда жаңы имараттар сейсмикалык туруктуулуктун заманбап талаптарын эске алуу менен курулуп жатат. Өлкө боюнча иштеген 21 сейсмостанция жер кыртышынын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөйт. Ал эми саламаттык сактоо системасы бекемделген инфраструктура, дары-дармектин жетиштүү запасы жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн иштелип чыккан механизми менен камсыздалган.

Интернетте тарап жаткан дүрбөлөңгө салган билдирүүлөргө келсек, алар көбүнчө аймактын сейсмикалык кооптуу экенин гана эске салат. Бирок мындай маалыматтарда жер титирөөнүн так качан болору тууралуу илимий негизделген божомол жок.