Каракол облустук мектеп-интернаты дээрлик жарым млрд сомго жаңыланууда

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имаратты жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 477 млн сомду түзөт.

Учурда объектте демонтаж иштери аяктап, имараттын чатыры жабылып, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоонун алкагында мектептин ички жана сырткы архитектуралык көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен модернизацияланат. Ошондой эле окуу корпусундагы класстар, компьютердик кабинет, жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык жасалат.

"Мектеп-интернаттын жалпы аянты 10 650 чарчы метрди түзүп, үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган. Андан бери объект толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес",-деп айтылат маалыматта.