Караколдо ипотекалык үйлөрдү суу каптады. Кесепеттери МИКтин эсебинен оңдолот

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 12:15
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Каракол шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Хан-Теңири" турак жай комплексинин төрт блогун суу каптаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине МИКтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай көрүнүшкө суу аккан түтүктөрдүн таштандыга толуп калышы себеп болгон. Системаны тазалоо учурунда суунун агымына бөгөт койгон ар кандай таштандылар табылган.

"Нөшөрлөгөн жаандан улам топтолгон суулар ички система аркылуу өз убагында сыртка агып чыкпай, имараттын чатырына топтолгон. Пайда болгон басымдан улам суу артка тээп, чатырга толгон, андан соң айрым батирлердин ичине чейин кирип кеткен. Ошондой эле суунун бир бөлүгү имараттын жер төлөсүнө да аккан", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, нөшөрлүү жамгырдын кесепети бир гана МИКтин объектилери менен чектелген эмес. Бул күнү Каракол шаары боюнча көптөгөн турак үйлөрдү, социалдык объекттерди, көчөлөрдү жана жолдорду суу каптаган.

"Учурда компаниянын кызматкерлери жеринде суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компания жабыркаган батирлерди калыбына келтирүү иштерин толугу менен өз каражатынын эсебинен жүргүзөт. Бардык тургундарга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүп, оңдоп-түзөө иштери аткарылат", - деп билдиришти компаниядан.