Касымалиев: Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү беш жылда 4,5 эсеге өстү

Министрлер кабинети Загрузка... 05 Июнь 2026 15:35
6a228391aa431.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчин менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Касымалиев сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби жана сапардын программасы абдан мазмундуу болгонун белгилеп, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү каралганын айтты.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкка, өнөр жай кооперациясына, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, туризм тармагына, ошондой эле маданий-гуманитардык алакаларды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду”, - деди ал.

Ошондой эле төрага эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары активдештирүү жана аларды сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык зарыл шарттар жана чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү туруктуу өсүүдө.

“2020–2025-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү 4,5 эсеге көбөйүп, 46 млн доллардан 206 млн долларга жетти. Өткөн жылы биз алдыбызга жакынкы беш жыл ичинде өз ара сооданын көлөмүн 500 млн долларга жеткирүү боюнча амбициялуу, бирок толук ишке ашырууга мүмкүн болгон максат койгонбуз. Бүгүн биз бул максатка карай ишенимдүү жана ырааттуу бара жатабыз”, - деди Касымалиев.

Ал ошондой эле кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү үчүн сооданын көлөмүн көбөйтүү менен катар анын түзүмүн диверсификациялоо, жаңы өндүрүштүк байланыштарды түзүү жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапары менен күн мурун келген. Учурда беларусь делегациясы кыргыз тарап менен биргеликте эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулоону улантууда.