Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Казакстанда турмуш кургандардын саны азайды. Бул тууралуу Казинформ Finprom.kz сайтына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 21 600 нике жана 11 200 ажырашуу катталган.
Бул 2025-жылга салыштырмалуу никелердин саны азайып, ажырашуулардын саны көбөйгөнүн көрсөтүүдө.
Астана, Алматы жана Караганда облусу нике жана ажырашуу көрсөткүчтөрү боюнча алдыда болууда.
2026-жылдын биринчи чейрегинде 14 500, ал эми айыл жерлеринде 7100 нике катталган.
Жыл ичинде шаарларда никеге тургандардын саны 1,4%га азайса, айыл жерлеринде 8,8%га азайган.