Кыргызстан жакынкы айларда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кайрадан өткөрүү алдында турат. Ага 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 60тан ашык өлкө катышарын тастыктап, 30га жакын мамлекеттин жообу күтүлүүдө. Учурда оюндардын ачылышы боло турган борбор калаада инфраструктуралык даярдык иштери күчүндө.
Оюндарды өткөрүү тартиби:
- Ачылыш аземи: 31-августта Бишкек шаарында өтөт;
- Негизги бөлүгү: 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун бир катар локацияларында уюштурулат.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, расмий делегациялардын жана иш-чаралардын катышуучуларынын жүрүү маршруттары боюнча инфраструктураны жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөт.
Төмөнкү борбордук көчөлөрдө тышкы жарыктандыруу системалары жаңыланат:
- Манас проспектиси (Васильевский тракты);
- Чүй проспектиси;
- Жибек Жолу проспектиси;
- Ж. Абдрахманов көчөсү.
Бул көчөлөрдө жарык берүү мамылары алмаштырылып, Петербург үлгүсүндөгү чырактар орнотулат.

38 жол кесилиштеринде, анын ичинде 15 кесилиште жол чырактар толугу менен алмаштырылып, 23 кесилиште калыбына келтирилет. Аталган кесилиштерде жол чийиндери менен жол белгилери да жаңыланат.
Ошондой эле 208 объекттин фасаддары жаңыланып, кондиционерлер менен балкондор бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык талаптарга ылайык келтирилет. Имараттардын сырты заманбап архитектуралык жарыктар менен кооздолот.
Төмөндөгү көчөлөрдүн кесилишиндеги жол өтмөктөрү оңдоп-түзөөдөн өтөт;
- Васильевский тракт – Түндүк айланма жолу;
- Васильевский тракт – Дача Суу айылы;
- Ч. Айтматов проспектиси – Толстой көчөсү;
- Абдрахманов көчөсү – Толстой.

Коомдук эс алуу жайларын жакшыртуунун алкагында Васильевский тракт – Дача Суу айылы жол өтмөгүндөгү жана № 54 орто мектептин жанындагы сейил бактар курулуп, ошондой эле “Аска-Таш” сквери жана Жаш Гвардия бульвары оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Андан сыртары аталган маршрут боюнча жайгашкан бардык аялдамалар жаңыланат. Ошондой эле газондор себилип, жашыл көчөттөр отургузулат.
Абдрахманов - Киев көчөлөрүнүн жана Абдрахманов - Москва көчөлөрүнүн кесилиштериндеги оргумалар оңдолот. Рыскулов көчөсүнөн Мраморное айылына чейинки унаа жолунун калктуу конуштар аркылуу өткөн бөлүктөрүндө тосмолор орнотулат.
Жогоруда жасала турган иштерди иш-чаранын башталышына чейин толук аяктоо пландалган.
Ошондой эле Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жол-транспорттук инфраструктура объектилери да жакшыртылууда.

Учурда төмөндөгү көчөлөр арасында суу түтүк тармактарын курулууда:
- Муромск көчөсүндө (Жайыл баатыр - Гагарин көчөсүнө чейин);
- Ала-Арча көчөсүндө (Жайыл баатыр - Муромск көчөсүнө чейин);
- Санжыра көчөсүндө (Жайыл баатыр - Муромск көчөсүнө чейин);
- Улар көчөсүндө (Арашан-Күйүкова көчөсүнө чейин);
- Проектируемая көчөсүнөн (Санжыра - Ала-Арча көчөсүнө чейин).
Ошондой эле Семетей көчөсүндө (Ч. Айтматов проспектисинен Д. Садырбаев көчөсүнө чейин) унаа жолун куруу боюнча даярдык иштери башталды. Ал эми Манас айылы көчөсүнөн Д. Садырбаев көчөсүнө чейинки магистралдык көчөнү оңдоп-түзөө үчүн подряддык уюмду тартуу боюнча келишим даярдалууда.
Жайыл баатыр көчөсүнүн Ала-Арча көчөсүнөн Санжыра көчөсүнө чейинки тилкесинде, ошондой эле Арча-Бешик конушунан “Мурас Юнайтед” стадионуна чейинки жана Муромск көчөсүнөн “Евразия” турак жай комплексине чейинки тилкелерде жолдун негизин даярдоо иштери толугу менен аяктады.

“Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу унаа жолун кеңейтүү долбоорунун алкагында унаа токтотуучу жайларды асфальттоо иштери аяктады. Тосмолорду орнотуу жана суу агызуучу лотокторду куруу иштери 90 пайызга аткарылды. Мраморное айылындагы жол айлампасында даярдык иштери башталып, аймакты курулушка жана көрктөндүрүүгө даярдоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, Жеңишке 50 жыл көчөсүндө Ч. Айтматов проспектисинен Д. Садырбаев көчөсүнө чейин эки тараптуу тротуарларды куруу боюнча иштери башталды.
Жалпысынан алдыда боло турчу маанилүү иш-чараларга карата жалпы узундугу 12,63 чакырым көчө жана жол тармагын куруу, оңдоо жана 9,6 чакырым тротуар салуу иштери каралган. Мындан тышкары, делегациялардын жүрүү маршруттары боюнча жол жабууларындагы кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлөт. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен улантылууда.

Андан сырткары, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштер аткарылууда.
Анын алкагында шаардык кызматтар менен биргеликте Бишкек шаарынын дизайн-кодуна туура келбеген тышкы жарнама-көрнөктөр жана уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкциялар алынды.
Рейддик иш-чаралар Чүй проспектисинде Фучик көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, ошондой эле Жибек Ж
олу проспектисинен Аалы Токомбаев проспектисине чейинки тилкелерде жүргүзүлдү.

Муну менен бирге эле борбор калаада көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтө турган “Бишкек Арена" стадионунун курулушу уланууда. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң футбол аренасы FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп жатат. Бул өлкөдө ири эл аралык беттештерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө объектте курулуш-монтаждоо жана жасалгалоо иштери уланып, инженердик системалар орнотулуп, айлана-тегереги көрктөндүрүлүүдө. 30-майда президент Садыр Жапаров комплекске пландан тышкары барып, курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылууну жана долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырган. Арена 31-августта аталган оюндардын ачылышы менен ишке берилет.
Алдыдагы маанилүү иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун тосуп ала турган жер “Манас” эл аралык аэропортунда да бир катар ири модернизациялык иштер жүрүп жатат. Аталган мекемеден “Кабар” агенттигине билдиришкендей, реконструкциянын алкагында аэровокзалдын аянты 60 миң чарчы метрге чейин кеңейип, анын өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 2 миңден ашык жүргүнчүгө чейин жогорулатылууда. Жаңы терминал эл аралык стандарттарга жооп берип, каттоо текчелереринин көбөйүшүн, күтүү зоналарынын кеңейишин, заманбап санариптик кызматтарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды камтыйт.

Ошол эле учурда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, туманда жана начар көрүнүш шарттарында учактарды коопсуз кондурууга мүмкүндүк берген CAT III системасы киргизилди. Мындан тышкары, 650 унаага ылайыкталган көп кабаттуу паркинг жана терминалга туташкан жабык өтмөк курулууда. Муну менен катар, жаңы кирүү жолу да жасалууда. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы терминал август айында ишке берилет.
Буга чейин “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий геомаалыматтык өнөктөшү болгону маалымдалган. Өнөктөштүктүн алкагында “Менин шаарым” тиркемесине атайын сервистер кошулуп, коноктор шаттл-автобустардын жайгашуусун реалдуу убакытта көрүп, объекттер боюнча навигация жана керектүү маалыматтарды ала алышат.

Ал эми Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көл жергесиндеги маданий иш-чаралар төмөнкү аймактарда өтөрү белгиленүүдө:
- Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы жандуу мурас” этно-маданий шаарчасы;
- Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплекси;
- Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Дордой-Номад” этно-комплекси;
- Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы;
- Ысык-Көл облусундагы Өрнөк айылында Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору.
Учурда аталган объектилердин эскиздик чечимдери даярдалып, долбоордук иштери жүрүүдө.
Андан сырткары аталган облустагы жол куруу иштери улантылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды. Анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланып жатат. Жалпысынан 34 чакырым жолду оңдоо каралган.
Андан сырткары, Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу, Каракол—Эңилчек жолу, “Ала-Тоо Резорт” лыжа базасына баруучу унаа жолу, Балыкчы — Корумду, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолдорунун курулуш иштери күчүндө.