Бишкек, 31.05.26 /Кабар/. “Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий геомаалыматтык өнөктөшү болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, тараптар тиешелүү кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.
Өнөктөштүктүн алкагында "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору үчүн атайын сервистер жана интерактивдүү мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болот.
Колдонуучулар шаттл-автобустардын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде көрө алышат, объекттер боюнча навигацияны пайдаланып, аянтчалар, маршруттар жана башка сервистер тууралуу маалымат алышат.