Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Жолдош жоокерлер жана сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери!
Сиздерди Куралдуу күчтөрдүн күнү менен терең урмат-сый жана чын дилимден чыккан каалоо-тилектерим менен куттуктайм!
1992-жылдын 29-майында мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн пайдубалы катары эгемен өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүн түзүү башталган. Ушул тарыхый күндөн тартып Кыргыз Республикасы өзүнүн Куралдуу күчтөрүнө ээ болгон. Ошол убакыттан бери жыл сайын 29-май күнү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары белгиленип келе жатат.
Бул күн – мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн күнү-түнү кызмат өтөп жаткан мекен сакчыларынын эрдигин, кайраттуулугун жана мекенчилдигин даңазалаган өзгөчө маанилүү майрам. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү – өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын, аймактык бүтүндүгүнүн жана мамлекеттүүлүгүнүн ишенимдүү кепилдиги болуп саналат.
Кыргыз эли эзелтеден бери эле эр жүрөк баатырларды туу тутуп, жерин, элин жана намысын коргогон уул-кыздарын даңазалап келген. Манас бабабыздан бери уланып келе жаткан мекенчилдик сезим бүгүн да Кыргызстандын ар бир аскер кызматкеринин жүрөгүндө жашап келет. Ошондуктан сиздердин ар бириңиздер мамлекет алдындагы жооптуу милдетти ыйык тутуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, бейпилдиги жана эгемендиги үчүн чоң салым кошуп жатасыздар.
1999-2000-жылдардагы Баткен, Чоң-Алай багыттарындагы аскердик аракеттер өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүн такшалтып, мамлекетибизди ишенимдүү коргоого жөндөмдүү экендигибизди көрсөттү.
Күчтүү армия – бул ар бир мамлекеттин коопсуздугунун негизи болуп саналат. Ушул өңүттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү бүгүнкү күндө өзүнүн күжүрмөн даярдыгын бекемдеп, аскердик тартипти чыңдап, өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында чоң иштерди аткарууда. Бул жетишкендиктердин артында мекенге болгон чексиз сүйүү, жогорку жоопкерчилик жана ак кызмат тургандыгын эсибизден чыгарбайбыз.
Урматтуу аскер кызматкерлери!
Сиздердин кызматыңыздар – жөн гана кесип эмес, бул Ата Мекенге берилгендиктин, антка болгон бекемдиктин жана эл алдындагы ыйык милдеттин үлгүсү. Сиздер катаал шарттарда кызмат өтөп, мамлекетибиздин чек араларын кайтарып, элдин коопсуздугун сактап келесиздер. Мына ушундай оор жана жооптуу милдетти татыктуу аткарып жаткан ар бир аскер кызматкери мамлекетибиз тарабынан терең урматтоого жана жогору баалоого татыктуу.
Өзгөчө ыраазычылык сөздөрүн Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине арнайбыз. Сиздердин каармандыгыңыздар, бай тажрыйбаңыздар жана Ата Мекенибиздин алдындагы ак эмгегиңиздер жаш муундар үчүн чоң үлгү болуп эсептелет. Сиздер басып өткөн жол – мекенчилдиктин жана эрдиктин чыныгы мектеби.
Урматтуу мекен сакчылары!
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, бекем эрк жана ары жооптуу, ары сыймыктуу аскердик кызматыңыздарда чоң ийгиликтерди каалайм. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо өкүм сүрсүн.
Кызмат өтөп жаткан ар бир жоокерибиз аман-эсен болуп, элибиздин тынчтыгы үчүн аскердик чеберчилигин арттыра берсин!
Эң башкысы – Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, биримдик жана туруктуулук, жаратман элибиздин келечеги кең, эгемен мамлекетибиздин пайдубалы бекем болсун!
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү мындан ары да өлкөбүздүн ишенимдүү тиреги болуп, мамлекетибиздин туусун бийик көтөрө берсин!”.