Кербен шаарынын кире беришине арка тургузулду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 28 Март 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарынын кире беришиндеги арканын ачылыш аземине катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн төрага Аксыдагы иш сапары жакшы саамалыктар менен коштолуп жатканын белгилеп, буга мисал катары айрым социалдык мекемелердин пайдубалына капсула салып, айрым мекемелердин ачылышына катышып жатканын билдирди. 

“Бул саамалыктар өлкөбүздүн өнүгүп жаткандыгынын анык далили. Беш жыл мурун мамлекетибиздин бюджети 240 млрд сомдун тегерегинде болсо, Жогорку Кеңеш быйылкы жылдын бюджетин 700 млрд сомдон ашуун өлчөмдө бекитип бердик. Мунун натыйжасында калк турмушун жакшыртууга багытталганын аракеттер күчөтүлүп, жүздөгөн социалдык-инфраструктуралык жана ирригациялык курулуштар жүргүзүлүүдө”, – деди төрага.  

Муну менен катар Кербен шаарынын 30 жылдыгына карата жасалган арканын долбоорун иштеп чыгууда калаанын тарыхый өзгөчөлүктөрү эске алынганын айткан төрага: “Кыргызда “Эшигин көрүп, төрүнө өт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, эзелтен сооданын жана түрдүү маданияттардын очогу саналып, көптөгөн белгилүү инсандар өсүп чыккан Кербен шаарынын кире беришине өзгөчө дизайндагы арка жасалышы керек деген максат койгонбуз. Натыйжада архитектор Медербек Асылбеков жасаган долбоор жактырылып, ишке ашырылды. Кербендеги төөнүн элесин берген арканын жанында дагы көптөгөн курулмалар жасалып, шаарыбыздын кире бериши жергиликтүү элге эле эмес, келген меймандарга да жакшы маанай тартуулаган жайга айланат”, – деди.  

Ошондой эле дарбазаны курууга мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен бир да тыйын коротулбаганын баса белгилеген Төрага кеткен чыгымдарды Кербен шаарына белек катары өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн жана айрым өнөктөштөрү жардам бергенин кошумчалады. 

Андан тышкары, Кербен шаарынын келечеги кең экенин билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Ага ылайык, мамлекет тарабынан калааны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, былтыр 200 млн сом бөлүнсө, быйыл 300 млн сом каралды. Аталган каражатты шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшап, кербендиктердин негизги көйгөйлөрүн чечүүнү улантабыз”, – деди. 

Ошону менен бирге төрага 2025-жылга карата аткарыла турган иштердин долбоорлору боюнча кеп кылды. 

Алсак, быйыл Кербен шаарынын тазалыгына жана көрктөндүрүү иштерине кам көргөн муниципалдык ишканага атайын техникаларды алуу, калаанын борбордук көчөлөрүн оңдоо, эс алуу багын куруу, ошондой эле балдар аянтчаларын жана туристтик жайларды салуу мерчемделген. 

Эскерте кетсек, арканын ачылыш аземине министрлер кабинетинин өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты.