“Кесипке багыт берүү” долбоору менен кесип тандоо оңой

Бизнес Загрузка... 15 Апрель 2026 10:00
2560х1440 Профориентация kg.png

Жогорку класстын окуучулары үчүн окуу жылынын аягы – бул бүтүрүү экзамендерине даярдануу гана эмес, келечектеги кесиби жөнүндө олуттуу ойлоно турган убак. Кыргызстандык жаштарга туура чечим кабыл алуусун жеңилдетүү үчүн Beeline “Кесипке багыт берүү” социалдык долбоорун өнүктүрүүдө.

“Кесипке багыт берүү” – бул заманбап кесиптер дүйнөсүн түшүнүүгө жана келечектеги адистикке карай алгачкы кадамды жасоого жардам берген акысыз онлайн-платформа. Долбоор азырынча издөөдө жүргөндөр, күмөн санагандар же тескерисинче, багытты тандап алгандар жана ал жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендер үчүн түзүлгөн.

Платформада кыргыз жана орус тилдеринде талап кылынган жана келечектүү кесиптерге арналган 30дан ашык видеосабактар ​​топтолгон. Колдонуучулар IT тармагындагы популярдуу багыттар, ошондой эле чыгармачылыкты камтыган башка кызыктуу адистиктер менен тааныша алышат. Сабактарды тандалган кесибинде ийгиликке жетишкен жана реалдуу тажрыйбасы менен бөлүшкөн эксперттер өткөрүшөт.

Материалдардын бир бөлүгү баарына жеткиликтүү. Ал эми Beeline номери аркылуу авторизациядан өткөндөн кийин, бардык видеороликтердин базасына жана материалды жакшырак өздөштүрүүгө жана өзүңдү текшерүүгө жардам берген кошумча тапшырмаларга толук мүмкүнчүлүк ачылат. Ошондой эле сайттан ылайыктуу кесиптин түрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүү боюнча атайын онлайн тесттен өтсө болот.

— Мамлекеттик оператор жана социалдык жоопкерчиликтүү компания катары Beeline жаштарды сапаттуу байланыш менен гана эмес, келечекке ишенимдүү кароого жардам берген пайдалуу демилгелер менен да колдойт, — деди Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — “Кесипке багыт берүү” долбоору окуучулар жана студенттер өздөрүнүн күчтүү жактарын жакшыраак түшүнүшү, заманбап кесиптер менен таанышып, ашыкча стрессиз аң-сезимдүү тандоо жасай алышы үчүн түзүлгөн.

Beeline'дан "Кесипке багыт берүү" платформасы өнүгүүсүн улантып, актуалдуу материалдар менен толукталууда. beeprof.beeline.kg сайтына кирип, ар кандай кесиптер менен таанышып, маанилүү чечимди кийинкиге калтырбаңыз — келечек бүгүндөн башталат.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.