Күйүүчү май рыногу: Ички өндүрүш импортко болгон көз карандылыкты азайтат

Экономика Загрузка... 29 Май 2026 18:50
images (7).jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон суроо-талап жылдан-жылга өсүүдө. Эксперттердин баамында, буга калктын санынын көбөйүшү, анын ичинде унаалардын санынын артышы да таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле өлкө экономикасынын өсүшү да күйүүчү майды көбүрөөк көлөмдө колдонууга алып келүүдө. Бул продукту өлкөдө аз көлөмдө өндүрүлгөндүктөн, импортко көз карандылык жогору бойдон калууда. Жакынкы жылдары Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майлардын импортуна болгон муктаждык маселесинен акырындык менен арылары белгиленүүдө. “Кабар” агенттиги күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал жана өзүн-өзү камсыздоо маселесине саресеп салды.

Кыргызстан акыркы 5 жылда (2021-2025-жылдары) ички муктаждыгын камсыздоо үчүн жылына орточо 1,5 - 1,6 млн тонна же жалпысынан 7,5 - 8 млн тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майларды (бензин, дизель, авиакеросин) импорттогон. Өлкөгө импорттун дээрлик 90%дан ашыгы Россиядан келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мунайзат продуктуларына болгон суроо-талап негизинен аларды импорттоонун эсебинен толукталат.

Жылдык керектөөлөрдүн динамикасы

WhatsApp Image 2026-05-29 at 13.43.50

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды импорттоп эле тим болбостон, аларды өндүрүүгө да басым жасап келет. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда нефть жана газдын 289 млн тоннадай кору бар.

WhatsApp Image 2026-05-29 at 13.16.18

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстарынын көлөмү 18,1 млн тонна шарттуу отунду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көбөйгөн. 2023-жылы 125,7 миң тонна дизелдик отун өндүрүлгөн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 9 пайызга көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Бензин 25,8 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга көп.

Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтөр дагы да өсүшү мүмкүн. Анткени өлкөдө күйүүчү-майлоочу майларды жергиликтүү өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдиргендей, акча каражаттары каралып, нефтини кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштери жүрүүдө.

WhatsApp Image 2026-05-29 at 08.19.01 (2)

Амангелдиевдин айтымында, муну менен өлкө күйүүчү-майлоочу майларга болгон ички муктаждыгын камсыздап, 4-5 айга күйүүчү май корун камдоону пландаштырууда. "Кыргызнефтегаз" ААКсында жылына 450 миң тонна күйүүчү май өндүрүүчү жаңы заманбап мунайды кайра иштетүүчү завод курулууда. Объектти ишке киргизүү 2027-жылга мерчемделген.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун алкагында бюджеттик насыя бөлүнүп, күйүүчү-майлоочу затты кайра иштетүүчү завод курулуп жатат. Анын кубаттуулугу 450 миң тонна майды түзөт. Өлкөнүн керектөөсү 1,2 млн тоннага жетет. Анын 800 миң тоннасын “Жунда" заводу чыгарат. Мындан тышкары, нефть иштетүүчү кичи заводдор да курулууда. Алардын кубаттуулугу 100-200 миң тоннаны түзөт. Ошолордун баары ишке киргенден кийин ички керектөөбүз 4-5 айлык корду камсыз кылууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошол заводдордун чыгарган продукциясы менен ички керектөөлөрдү жапканга жана бааларды турукташтырууга толук кандуу механизм иштеп баштайт деген ойдобуз. Чийки зат өлкөдөгү кендерден алынат. Ошондой эле Россия менен түзүлгөн келишимдер бар. Бир партияны Кытайдан да алып келип көрдүк. “Кыргызнефтегаз” ишканасынын заводунун модернизациясы 3 жылга пландаштырылган болчу. Азыр иштер ортолоп калды. 2027-жылдын жыйынтыгы менен бизде жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап завод пайда болот. Анын курулушуна 450 млн доллар акча каражаты каралган. Бул иштер бюджеттик каражаттардын эсебинен жасалууда”, - деп белгиледи Данияр Амангелдиев.

Бүгүнкү күндө пландалып жаткан өндүрүш кубаттуулуктары ишке кирсе, жылдык ички керектөөнүн басымдуу бөлүгүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp_Image_2026-04-03_at_13.20.35.width-80.width-800

Ошондой эле Канат Эшатов белгилегендей, заводдор пайдаланууга берилгенде сапаттуу, эл аралык стандарттарга жооп берген майлар чыгарыла баштайт.

“Заводдордун модернизациясынан кийин жогорку сапаттагы экологиялык бензин, дизель отуну чыгарылат. Мында майлардын экологиялык классы К5тен кем болбошу керек. Бүгүнкү күндө заводдордогу чыгарылып жаткан майлардын классы К3 же андан да төмөн”, - деди ал.

Жаңы өндүрүштөр ишке киргизилгенде чийки мунайзат жетишсиздиги байкалса, белгилүү бир көлөмү сырттан импорттолот.

“Биздин өлкө Россия, Казакстандан чийки мунайды алса болот. Ошондой эле башка нефтиге бай мамлекеттерди да караштырышы керек”, - деди Канат Эшатов.

4545.width-800.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1)

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын ички керектөө жок дегенде 5-7 пайызга жогорулайт. Анткени жылдан-жылга өлкөнүн экономикасы өсүп, жаңы ишканалар ачылууда. Калктын санына жараша унаалардын саны да көбөйгөндүктөн, күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулап жатат.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” агенттигине маалымдагандай, дүйнө жүзүндө геосаясий кырдаалдан улам күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда кыйынчылыктар жаралууда. Бул өз кезегинде мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө таасирин тийгизип жатат.

2_SKb4Taz.width-800

Анын айтымында, өлкөдө нефтини кайра иштетүүчү ири заводдор жана чакан ишканалар бар. Мындан улам жылына 1 млн тонна мунайды иштетүүгө аракеттер көрүлүүдө.

“Кыргызстанда жылына 200-300 тонна мунай өндүрүлөт. Мына ошондуктан нефтини кайра иштетүүгө маани берилип жатат. Ички өндүрүш аркылуу Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майга болгон баа саясаты өзгөрүшү мүмкүн. Муну менен өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майдын баасына туруштук берүүгө мүмкүнчүлүгү пайда болот”, - деди Төлөнбек Абдыров.