Күйүүчү май рыногундагы абал: Дүң баалар күн сайын өсүүдө

Загрузка... 01 Апрель 2026 10:35
4545.width-800.png

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Күйүүчү майга болгон баа күндөн-күнгө өсүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ташылып келген майлардын дүң баасы жогору болууда.

"Заводдордогу дүң баалар күн сайын жогорулап жатат. Мындан улам күндөн-күнгө баалар өсүүдө. Бул канча убакытка чейин созулары белгисиз. Акыркы жумада күйүүчү майдын баасы 1 сомго кымбаттады. Дүң баалар өссө, бул жактагы баалар да өзгөрөт", - деп белгиледи ал.

Буга чейин Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экендиги айтылган болчу.