Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. GEC Жашыл экономика коалициясы (Green Economy Coalition) дүйнөдө шоколад тартыштыгы жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Известия билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, климаттын өзгөрүшү улана берсе, 2050-жылга карата какао өстүрүү дээрлик мүмкүн болбой калышы ыктымал.
Адистердин айтымында, шоколаддын негизги чийки заты болгон какао дарактары аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө өтө сезимтал келет. Акыркы жылдары бат-баттан жааган жамгыр, катуу ысык жана өсүмдүк оорулары Батыш Африкадагы плантацияларга чоң зыянын тийгизүүдө. Дал ушул аймактан дүйнөдөгү какаонун негизги бөлүгү өндүрүлөт.
Коалициянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө какаонун 90%дан ашыгы климаттык өзгөрүүсүнө туруктуулугу аз өлкөлөрдө өстүрүлөт. Мурда бул аймактарда нымдуулук көп болсо, азыр тескерисинче, аба ырайы туруксуз болуп, температура жогорулап жатат.
Какаонун тартыштыгынын алгачкы белгиси катары анын баасы кескин кымбаттады. 2025-жылы какаонун баасы дээрлик 4 эсеге өсүп, бул шоколад продукциясынын да кымбатташына алып келди.
Ошол эле учурда The New York Times жазгандай, өндүрүшчүлөр чыгымды азайтуу үчүн айрым өзгөртүүлөргө барып жатышат. Мисалы, шоколаддын курамындагы какао майы арзан майлар менен алмаштырылып, шоколаддын өзү азайып, кум шекери көбөйтүлүүдө.
Эксперттер бул кырдаалдан чыгуу үчүн агротокойчулук ыкмасын сунушташууда. Бул ыкмада какао дарактары башка өсүмдүктөр менен кошо өстүрүлүп, аларга көлөкө түзүлөт, топурак жакшыртылат жана өсүмдүк ысыкка туруктуураак болот. Бирок мындай өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн чоң инвестиция талап кылынат.
“Эгер климаттын өзгөрүүсү мындай темпте уланып кете берсе, келечекте шоколад кымбат гана эмес, сейрек кездешкен азыкка айланышы мүмкүн”,-дешет адистер.