Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Баалуу металлдар рыногунда күмүштүн баасы 5,18%га өсүп, унциясы 90,025 долларды түздү. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Comex биржасында күмүштүн баасы 10-марттан бери биринчи жолу унциясы үчүн 90 доллардан жогору көтөрүлдү.
Ошол эле учурда, Comex биржасында алтындын баасы 0,46%га жогорулап, унциясы 4708,4 долларды түздү.