Күндө кайрадан күчтүү жарылуулар катталды

Дүйнө Загрузка... 11 Май 2026 11:25
WhatsApp Image 2026-05-11 at 09.03.57.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.05.26 /Кабар/. Күндө бир катар күчтүү жарылуулар катталып, окумуштуулар анын активдүүлүгүн тыкыр көзөмөлдөп жатышат. Адистердин маалыматына ылайык, акыркы жарылуунун кубаттуулугу М5.7 классына жеткенин Казинформ маалымдады.

Россия илимдер академиясына караштуу Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдиргендей, азырынча бул жарылуулар Жер үчүн түз коркунуч жаратпайт. Бирок Күндөгү активдүү аймак жакынкы эки күн ичинде Жер тарапка бурула баштай турганы белгиленди. Окумуштуулар эгер Күндөгү жарылуулар улана берсе, жаңы кубулуштар Жердин геомагниттик абалына таасир этиши мүмкүн экенин айтышууда.

Байкоолорго ылайык, кечээ Күндө С классына кирген салыштырмалуу алсыз 11 жарылуу катталган. Ал эми 7-майда күчтүү М классындагы жарылуу байкалган. Бул андагы активдүүлүк дагы эле жогору бойдон калып жатканын көрсөтөт.

Адистердин айтымында, мындай жарылуулар рентген нурлануусунун күчүнө жараша A, B, C, M жана X класстарына бөлүнөт. Айрыкча М жана Х классындагы кубаттуу жарылуулар Жерде магниттик бороондорду жаратып, энергетикалык системалардын, байланыш каражаттарынын жана навигациялык жабдуулардын ишине таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле мындай көрүнүштөр айрым жаныбарлар менен канаттуулардын миграциясына таасир берип, түндүк жаркыроосунун байкалуу аймагын кеңейтет.

Белгилей кетсек, эң күчтүү күн жарылуусу 18-январда катталып, анын кубаттуулугу Х1.9 деңгээлине жеткен.