Кочкордо суу системасын куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Аймак Загрузка... 26 Май 2026 09:45
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Кочкор айылындагы ичүүчү суу тутумун куруу объектинде белгиленген техникалык регламенттин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул мыйзам бузуулар курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарына жана аткарылып жаткан иштердин сапатына терс таасирин тийгизет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Метаг Иншаат Тиджарет Аноним Ширкети" ЖЧКсына мыйзамга ылайык, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.